Учурда Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагында мал уурулугу көп катталууда. Базарда азык- түлүк баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу мал жандыктары кымбаттады. Мал багууга тоют да кымбат болууда. Айыл тургундары ак эмгеги менен тапкан мал жандыктарын ууруга алдырып жаткандыгын айтууда.
Быйыл таажы илдетинин кесепети карапайым калкты кризиске такады. Күз аяктап, дыйканчылык оруу- жыйыны бүткөнү, айылда ишсиз калган жаштар көп. Айылда мал жандыктары менен оокат кылган карапайым калкка мал уурулук көйгөй жаратууда.
Айыл тургуну Чынгыз Таштанбеков жакында эле 5 коюп уурдатып, андан тышкары короодогу байланып турган уйун да уурдаткан. Ал окуяны төмөндөгүдөй баяндап айтып берди:
“18-ноябрьдан 19-ноябрга караган түнү саат 02:30-03:00 чамасында короодогу саан уйубузду жоготтук. Эртең менен уйду табунга кошкону короого кирип таппай калдык, эшиктер ачык калган.
Ошол түнү кар жааган эле, 4-5 кишинин изи бар экен, орто жолдон уй качкан окшойт үйдү көздөй кайткан издеринен көрүнүп турат. Мен из кууп барсам айылдын үстүндөгү алма бак жактагы каналдын жээгинде белгисиз бирөөлөр уйубузду союп, терисин таштап, баш шыйрагын каналдын ичине ыргытып кетишиптир. Кол кап кийишип жаңы бычак менен сойушкан экен, бардыгы уйду сойгон жерде калган.
Буга чейин дагы 2 жума мурун корообуздан 5 койду уурдатып жибергенбиз. Милицияга кабар бердик, бирок табылбай жатат. Кечээ жакында айылдан дагы бир уйду талаага союп кетишиптир деп уктук. Жоголгон уй биздин үй-бүлөбүзгө киреше алып келүүчү, жаман болуп жатабыз”.
Мал уурулугун токтотуу үчүн Жаңы-Жер айылдык милициянын бөлүмүнүн кызматкерлери айыл тургундарына мал -жандыктары үчүн сак болууну эскертишүүдө.
Жаңы-Жерде органикалык таза жер жемиштер өстүрүлөт
Турсун Омуралиева