Кыргызстандагы кадр маселесинде гендердик теӊчилик сакталып жатабы? Карьералык тепкичте айымдар менен мырзалардын кимисине артыкчылык берилет?
Негизинен Кыргызстанда гендердик теӊчиликтеги кѳйгѳйлѳр кѳп. Калыптанып калган стереотиптик кѳз караштар да кеӊири орун алган. Аял кишинин жасаган эмгектери зор бирок, кадр маселесине келгенде ар түрдүү кѳз караштар пайда болот. Аял киши үйдѳ отуруусу керек, үй-бүлѳ менен балдарды караш керек деген пикирлер да жок эмес.
Барскоон айылынын Казыбай Чылабаев жалпы орто билим берүү мектебинин директору Акылай Асаналиева, биринчиден үй-бүлѳнүн колдоосу болбосо карьера куруу мүмкүн эмес деген оюн ортого салды:
«Эӊ биринчи үй-бүлѳдѳгү шарт болот да. Мисалы, бала-бакырасы менен жолдошу менен колдоосу болсо анда карьера жакшы кетет. Аӊ сезими кучтүү айым болобу, эркек болобу колдоого алынышы керек.
Адам укуктары жалпы декларациянын негизиндеги принциптери менен сакталыш керек. Конституциянын 16- беренесинде Кыргыз Республикасынын эркек менен аялдардын бирдей укуктарга жана эркиндиктергеды жүзѳгѳ ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктѳргѳ ээ деп табылган. Бирок бүгүнкү күндѳ кѳпчүлүк мамлекеттерде аял менен эркектин ортосунда бирдей укуктар каралган эмес. Мындан улам, аял киши дагы саясатка, мамлекеттин кандайдыр бир иш- чараларына салымын кошо ала тургандыгын эстен чыгарбасак деген пикирин Саруу айылынын юристи Жылдыз Мааткеримова билдирди:
«Муну жоюу максатында кѳп эле мыйзамдар кабыл алынат. Бирок бул нерсеге мурдагы муундан-муунга келе жаткан ата-бабанын тарыхында аял киши эркектерден алдыга чыгуу деген нерсеге биздин менталитетке туура келбей келген.
Кандайдыр бир ѳздѳрүнүн мыйзамдары менен ылайыкташтырылган ошол нерсе калып калган деп эсептейм. Аял киши дагы саясатты жүргүзѳ ашыра алгандыгын, аля киши мамлекетке, мамлекеттин бир ѳнүгүүсүнѳ кандайдыр бир салым кошо алаарын баса белгилеп ошону дагы жогору баалоо бул баарыбыздын милдетибиз го деп эсептейм».
Мамлекеттик кадр кызматында миниципалдык, мамлекеттик кызматкерлерге ачык конкурс жарыяланат. Ал конкурска бардык аял эркек дебей каалаган адамдар катышып, конкурс аркылуу жумуш ордун камсыздоо мүмкүнчүлүктѳрү бар экендигин Барскоон айылынын тургуну, жеке ишкер Руслан Эшмамбетов баса белгиледи.
«Жумуш орду пайда болгондо жалпы тестке чакырылат. Ал жерден эркек аял деп бѳлбѳйт. Чакырылганда кыз киши болобу же эркек болобу, кимиси билимдүү болуп жогорку балды алса ошол адам тестен ѳтѳт да и ошол адам жумуш ордуна ээ болот».
Кайсыл бир кызмат үчүн аялдардын ордуна эркектерди жумушка алуунун негизги себептери бул, аялдардын репродуктивдик функциялары менен байланыштуу. Эгерде бир вакансияга кыз же жаш келин жана эркек киши кандидатурасын кѳрсѳтсѳ, кѳбүнчѳ компаниянын жетекчилери эркек кишиге артыкчылык коюшат.
Себеби репродуктивдүү курактагы аялдар декреттик ѳргүүгѳ, балдары ооруп калса, аны кароого жана үй-бүлѳдѳ маараке ѳтсѳ үй жумуштарын аткарууга да кѳбүнчѳ аялдар жумуштан суранышат.
Статистика боюнча, Кыргызстанда аялдар эркектерге салыштырмалуу дээрлик 4 эсе кѳп убактысын акы тѳлѳнбѳгѳн үй жумуштарына жана 2 эсе кѳп убактысын балдарын тарбиялоого жумшашат. Бул тууралуу гендердик серепчи Бактыгүл Исланбекова төмөндөүлөргө токтолду.
«Гендердик теӊчиликке жетишүүдѳ системалык кырдаалды улуттуу ѳзгѳртѳ турган максаттарды коюу зарыл. Мисалы, институцияналдык, экономикалык, социалогиялык жана маданий чѳйрѳдѳгү ѳзгѳрүүлѳрдү илгерилетүү.
Гендердик сезимтал миханизмдерди баардык сфераларга интеграциялоо. Аялдар кѳбүнчѳ социалдык тармактарда эмгектенишип, техникалык кесиптерде аз кездешишет.
Ошондуктан, аялдар аз кездешкен кесиптерге окутууда аялдар үчүн бюджеттик орундарды кароо. Аялдардын карьерасын түзүүгѳ мамлекет тарабынан шарттарды түзүп берүү».
Гүлкайыр Осмоналиева