Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы ооруканада бейтаптарды кабыл алып, көрсөтмө берүүгө дарыгер жок.
Айыл тургуну Нарынкүл Асаналиеванын айтканына караганда ооруканада мурда иштеген ардагер дарыгер учурда ден-соолугуна байланыштуу бир топ убакыттан бери оору баракчасында.
“Медайымдар болгону менен ал ооруканада бейтаптар жатып дарыланышат. Эгер дарыгер жок деп жаап койсо райондун борборуна барып көрүнүүгө шартыбыз жок. Айылдыктар чынында тынчсызданып жатабыз”,- дейт.
Ал эми бул маселе тууралуу райакимдин орун басары Кенже Карагулова айылдык ооруканада Эдил Үсөнөв барып келип иштеп жатканын айтты.
“Эртең убактылуу иштөө үчүн мобилдик топ менен бирге аталган дарыгер жиберилет. Ординаторлорду тартуу боюнча тиешелүү жактарга кайрылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”,- дейт.
Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басары Гүлнара Нуркемелова бүгүн аталган айылга эки дарыгер барып, элдин саламаттыгынан кабар алып келгенин айтты.
«Бир күн кечке айылдык ооруканада болуп, келген бейтаптарды кабыл алдык. Азырынча айыл тургундарынын саламаттыгы канаттандырарлык. Учурда стационарда дарыланган бейтап жок. Албетте, пандемиялык кырдаалда дарыгер жоктугуна айыл тургундары тынчсызданып жатышат. Дарылерлер кезектешип үч күндөн келип иштеп турабыз»,- деп билдирди.
Акталаадагы айылдык оорукананын жылуулук системасы демөөрчүнүн жардамы менен оңдолууда
Барчын Мамытбекова