Элеттик айымдардын күнүнө карата Тогуз-Торо райондук маданият үйүндө айыл өкмөттөрдөн багбан, ишкер айымдар азык- түлүк продукцияларын, курут, май жана колдон жасалган буюмдардын көргөзмөлөрүн коюшту.
Сары-Булуң айыл аймагынан Аяткан Шеримбекова катышып, бакчадагы жашылчалардан консервация жана кыямдын түрлөрү, жашылча- жемиштердин көргөзмөсү боюнча көргөзмөгө катышты.
Мындан сырткары, райондун акими Айбек Кожошов куттуктап, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы, айылдын экономикалык-социалдык абалык көтөрүүгө салым кошкон, көптөгөн апаларга төш белги, грамоталарды тапшырды.
Жыйынтыгында, Аяткан Шеримбекова Аялдар Конгрессинин “Ардак грамотасы” жана 2-даражадагы диплом, акчалай сыйлыкка ээ болду.
Даярдаган: Альбина Бейшеналиева