«Билим-2022» атуу Россия өлкөсүнүн билим берүү уюмдарынын көргөзмөсү Кочкор районунун мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн бүгүн Кочкор мамлекеттик администрациянын имаратында уюштурулду.
Районго болгон иш сапарынын максаты тууралуу кеңири маалымат Ольга Фролова айтып кетти.
«Биздин сиздердин аймакка келгенибиздин максаты биздин Россиянын жогорку окуу жайлары боюнча Кочкор районундагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кенен маалымат берүү. Билим берүү уюмдарынын көргөзмөсүнө Россиянын 31 окуу жайлары катышууда. Мен бул аймакта жөндөмдүү жана таланттуу балдар бар экенине ишенем. Орусиядан билим алып, мекенине журналистика, ветеренария, юрист жана башка көптөгөн кесиптердин мыкты адистери болуп кайтып, өз өлкөсүнө жардам бермек деп ойлойм».
Россия мамлекеттинин билим берүү уюмдарынын көргөзмөсүнүн катышуучулары
Максатбек кызы Азиза