Жаңы-Жер орто мектеп комплексинде 30-жылдан бери талбай эмгектенип келе жаткан тарых мугалими Марина Коновалова окуучулардын сабакка кызыгуусу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп сабак өтөт. Бул жолу ал мектеп окуучуларын тарых сабагына кызыгуусун арттыруу үчүн борбор калаадагы музейлерге экскурсия уюштурду. Өтүлгөн сабактарды бышыктоо үчүн уюштурулган музейге саякат окуучуларды гана эмес ата-энелерди дагы кызыктырды.
Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин 6 классынын окуучулары музейде саякат учурунда
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы мектеп окуучулары музейге экскурсияга барышты. Бул тууралуу Жаңы-Жер жамааттык медиа борборунун кабарчылары билдирди. Кыргыз мамлекеттик тарых музейине жана М.В. Фрунзе атындагы музейге орус тилдүү 6-класстын окучуларынан жалпы 44 окуучу барышты. Окуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөө максатында өз ыктыяры менен барган ата-энелер да болду.
Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин тарых мугалими Марина Коновалова Валентиновна
“Мен өзүм мектепте тарых сабагынан беремин. Өтүлгөн сабактарымдын теориясын бекемдөө үчүн, окуучулардын билимин тереңдетүүгө, 3 чейректи жыйынтыктоо катары окуучуларыма атайын музейге экскурсия уюштурдум.
Окуучулар М.В. Фрунзенин үй музейин көрүшүүдө
Музейдин кирүү баасы мектеп окуучулары үчүн 50 сом. Ушул арзыбаган 50 сомдун көзүнө карабай, ата-энелер окуучуларды музейге келип турушса жакшы болот. Кыргызстандын маданияты, кыргыз тарыхы, кыргыздын белгилүү инсандары, салт санаасы жөнүндө түшүнүгү кенен болуп көптөгөн маалыматтарга ээ болушат. Менин байкашымча окуучуларым музейден чыккандан кийин башкача эргүү менен кандайдыр бир рахат алып кубанычтарында чек жок маанайлары жакшы болуп кайтышат.
Учурда заманга жарашабы, же убакыттын тардыгына жарашабы жаштардын музейге келүү кызыгуусу солгундап калгандай. Илгери союз учурунда мектеп окуучуларын, студенттерди сөзсүз түрдө музейге окуу жайлар тарабынан уюштурулуп алып келип турушчу. Азыр ал замандагыдай эмес,ата-энелер тарабынан да демилге көтөрүлбөйт. Тилекке каршы баардык жаштар интернет менен алектенүүдө. Өзгөчө айыл жеринде жашаган окуучуларга байма-бай экскурсияларды уюштуруп туруу керек. Мен кээ бир адамдар менен маек курсам «Азыр музейге баргандан көрө интернеттен көрүп алса болот» деп айтышат. Бул туура эмес, себеби миң уккандан бир көргөн артык.”
Окуучуларды музейге алып барууну уюштурууда, ата -энелер комитетинин мүчөлөрү Юля Старкова, Земфира Джумалиева, Светлана Умаровалар дагы салымын кошушту.
Айта кетсек Марина Коновалова Жаңы-Жер айылындагы мектепте 30 жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенет. Анын берген билиминин аркасында көптөгөн окуучулардын билимге умтулуусу артып, мектепти бүтүргөн окуучулары мугалимине азыр да болсо ыраазычылыгын айтышууда.
Турсун Омуралиева