Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин катышуусунда өткөн ишембиликте жүздөгөн көчөттөр отургузулду. Бул иш-чара жаш муундарды жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөө, ошондой эле Жаңы-Жер айыл аймагынын экологиясын жакшыртуу, жаңы жашыл зоналарды түзүү максатында уюштурулду.
Министр Алмазбек Бейшеналиев бүгүнкү ишембиликте өзү дагы кол кабыш кылды
“Өз багыңды отургуз” акциясынын алкагында уюштурулган иш-чарага билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, министрликтин баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Төөлөсбай Абылкасымов, министрликтин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акпаралы Карабаев, жана №43 кесиптик лицейлердин мугалимдери жана окуучулары катышышты. Ишембиликтин катышуучулары №43 кесиптик лицейдин жанындагы 1 гектар жерди “Келечек” бакчасы деп атап, алманын, алмуруттун, кара өрүктүн көчөттөрүн отургузушту.
Ишембиликте кесиптик лицейдин окуучулары активдүү катышты
Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейдин окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары
«Быйылкы жазга карата иш планыбызга окуу жайыбыздын айланасын көрктөндүрүп жашылдандыруу жана тазалоо иштерин киргизгенбиз. Учурдан пайдаланып мамлекетибизди жашылдандырууга кошуп жаткан салымы үчүн бардык мекендештериме ыраазычылык билдиргим келет. Көп лицейлердин арасынан бизди тандап, “Өзүңдүн багынды отургуз” акциясын бизден өткөрүп жатканына чексиз кубанычтабыз. Мына бүгүн “Бир бак жыксан он бак отургуз” дегендей алма, өрүк, алмурут көчөттөрү отургузулду. Келечекте ушул бакчага айланып жемишин бери кийинки муундарга жемиштүү бакча болсун деген изги тилегибиз бар”,-деди Асира Назарматова.
№43 Кесиптик лицейдин «Ашпозчу» кесибинин 2-курсунда окуган Кадырбек Эсенканов:
Кесиптик лицейдин окуучусу Кадырбек Эсенканов
«Канчалык жер-жемиштерди кызыгуу менен баксак, ал жемиш бактар түшүмүн мол берет. Ошол үчүн эрк керек, талыкпаган эмгек керек. Келечекте биз баштаган “Келечек” багы жемишин берип бизден кийинки окуучуларга жемиштүү бакча болсун демекчибиз. Бул жер мурда ушундай болуп тикенек басып каралбай турчу.
Директорубуз Бактыгүл Мусаевна келип жалпы лицейдик жыйында «Ушул жерге жемиш бактарын отургузабыз, Бул жер келечекте көрктүү, жашыл жемиш бакчасы болуу керек. Ал үчүн жапа тырмак жалпы кол кабыш кылгыла» -деп айтканда «Кантип кылабыз?» «Аянты өтө эле чоң болсо, биздин колдон келеби?» «Ушул жер кантип бакча болсун?» -деген ар кандай ойлор келген. Бирок кесиптик лицейде иштеген мугалимдерибиздин демилгеси менен баардыгыбыз көңүлдүү иштеп жаттык. Ал гана эмес бакчабызга «Келечек багы» деп атап алдык.
Мен бул окуу жайды бүтүп кеткенден кийин да келип турамын деп ойлоймун. Бул лицей менин экинчи үйүм болуп калды десем да болот. Бул жактан мен келечек турмушума керектүү көптөгөн жакшы нерселерди үйрөндүм.»
Айта кетсек, Жаңы-Жер айыл аймагында эрте жаздан бери көчөлөрдү, короолорду тазалоо боюнча ишембиликтерди өткөрүүдө администрациялык жана турак жай имараттарынын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү, көчөлөрдө түнкү жарыктандыруу чырактарын орнотуу, жол боюндагы сугат арыктарын тазалоо, айыл аймагына караштуу жерлерди көрктөндүрүү, муниципалдык жолдорду оңдоо жана айылдык инфраструктура объекттерин оңдоо иштери боюнча аракеттер көрүлүүдө.