Акыркы мезгилде эл арасында аш-той өткөзүүдө ашыкча ысырапкорчулукка жол берген учурлар көп кездешүүдө. Мындай чыгым кээ бир адамдардын чөнтөгүнө күч келтирип, карызга баткан учурлар да жок эмес.
Куда тосууда жасала турчу дасторконго орточо эсеп менен 30 миңден 50 миң сомго чейин каражат кетет
Экономикалык кризис учурунда аш- тойдогу ысырапкорчулукту кантип азайтсак болот жана аны менен күрөшүүнүн жолдору барбы? Биз бул суроо менен жергиликтүү тургундарга кайрылып көрдүк.
Гүлзат Жумалиева-Кара-Күңгөй айылынын тургуну
Кара-Күңгөй айылынын тургуну Гүлзат Жумалиева ысырапкорчулук менен жеке эле Мамлекет башчылары эмес, ар бир адам күрөшүш керек деп эсептейт. Ал жакында кызын турмушка узатып, ысырапкорчулуксуз той өткөрүшкөн. Тойго аз сандагы кишилерди чакырышып, чыгымды азайтууну максатында кудагыйы менен сүйлөшүп, эки жашка үй салып берүүнү чечишкен. Анын бул сунушун кудагыйы да колдогон. Гүлзат Жумалиева тойдогу ысырапкорчулукту азайтып, ата-энелер үй-бүлө куруп жаткан жаштарга материалдык колдоо көрсөтсө эң жакшы болмок,- деген ой-пикирин билдирди.
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы- Алымбек Мамырбаев
Ак Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Алымбек Мамырбаев бул суроого мындайча жооп берди.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 жарлыгына ылайык, ысырапкорчулукка жол бербөө максатында, маркумду акыркы сапарга узатууда мал союуга тыюу салынган. Адегенде элдик жыйын кылып, анын жыйынтыгында 1 же 2 кой союуга гана уруксат берилген, cебеби алыстан келген коноктор да болот. Бирок кээ бир айыл тургундары өзүбүздүн малды өзүбүзгө сойбогондо кимге соймок элек деген ой-пикирлерин айтып, бул жарлыкты туура эмес кабыл алышкан. Кыргыздын каада-салтын жокко чыгарасыңарбы деген адамдар да чыккан. Биз тараптан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө ысырапкерчилик кичине болсо да азаюуда. Тилекке каршы айыл тургундарынын арасында бири-бирине атаандашып, чоң мал сойгондор дагы деле кездешип жатат».
Жанболот Шаршекеев-соодагер
Ал эми Кочкор районундагы Кара-Тоо айылынын тургуну Жанболот Шаршекеев 15 жылдан бери мал менен соода кылып келет. Ал бизге малдын кымбатташынын негизги себептерин айтып берди:
«Малдын баасынын жогорулашынын себептери абдан көп. Алар күйүүчү майдын, малдын жем-чөбүнүн, малчынын эмгек акысынын кымбатташы. Малдын баасынын кымбатташынын дагы бир себеби мүйүздүү малды соодагерлер Өзбекстанга алып чыгып кетүүсү, ал эми жылкы жана койду көбүнчө аш-тойго союу үчүн алышат. Президенттин жарлыгына чейин маркумду узатуу зыйнатына 2-3 кара мал союлса, азыркы кезде 1 гана жылкы союлуп калды,- деп билдирди Жанболот Шаршекеев».
Албетте, кыргыздын аш-тоюнда жылкы же уй сөзсүз союлат. Төмөнкү таблицадан 2020-2022-жылдар аралыгында малдын баасынын өсүшү боюнча маалымат көрсөтүлгөн.
2020-2022-жылдар аралыгындагы малдын баасынын өсүү таблицасы
Кара-Суу айылынын имамы-Үсөн Койлубаев
«Учурда маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулук дагы деле токтогон жок. Бирден экиден кара мал союлуп атат. Колунда бар адамдарга билинбейт, ал эми колунда жок адамдарга абдан эле оор болууда. Алар сөөк коюуда карызга батып, төлөй албай калган учурлар да бар. Негизи ысырапкорчулукту тыйсак жашообуз жеңил болмок, акчабызды да үнөмдөп, пайдалуу жакка жумшамакпыз. Мисалы, ошол акчаны ден-соолугубузга кам көрүүгө, жашоо шартыбызды оңдогонго кетирсек туура болмок. Тилекке каршы, биздин аймакта аш-тойлордо ашыкча чыгымга жол берилип келет».
Ал эми кийинки таблицада айыл жергесиндеги кыз узатууга кеткен чыгым:
( Кочкор району боюнча )
Кийинки учурларда куда тосууда повар, фотограф, видеограф, жар-жарчы жана дасторкон жасоо кызматтарын колдонушат. Бул,албетте, ашыкча ысырапкорчулукка алып келет. Ашыкча чыгым коротуулардын себеби адамдардын бири-бирине атандашуусу болууда.
Бакыт Кожокматов