Кара-Кече кени Кочкордон 154 км аралыкта эле жайгашканы менен, Кочкордо 1 тонна көмүрдүн баасы 4000 сом. Жергиликтүүлөр бул бааны кымбат деп эсептешет. Анын себеби эмнеде?
Көмүрдүн баасынын өзгөрүп турушу көбүнчө анын сапатынан жана ташуу наркынан көз каранды. Кыш мезгили келери менен көмүрдүн баасы кескин өсүшүн байкалат, ага көптөгөн себептердин таасири бар дейт Кочкор айылынын тургуну Азамат Ырыскелдиев айтып берди:
«Мен 20 жылдан бери көмүр ташуу менен алектенип келем, көмүрдү көбүнчө Кара-Кече кенинен «Беш-Сары» карьеринен «МАЗ» жүк ташуучу жеке унаам менен ташып келип Кочкор айылына сатам. Азыркы күндө 6 каттамга унаамды оңдоп, түздөп жаткан кезим, баш аягы Кара-Кечеге 10-12 жолу каттайм».
Азамат Ырыскелдиевдин берген маалыматы боюнча Кочкорго 1 тонна көмүрдү жеткирүү баасы жана айдоочулар бир каттамда канча киреше табарын жана эсептеп чыктык:
Кара-Кече кенинде көмүрдүн баасы 1450 сомдон, «МАЗ» унаасына 23 тонна көмүр жүктөлөт ошону менен көмүрдү 33350 сомго сатып алат, Кара-Кечеге Кочкордон 154 км аралыкты түзүп, эки учуна 200 литр күйүүчү майды 14800 сомго куйуп сарпталат. Андан тышкары тамак-аш жана ар кандай чыгымдар болот.
Жыйынтыгында Кочкордо көмүрдү 4000 сомдон сатканда 92000 сом болорун айтты. Жалпы кирешеден чыгымдарды алганда таза киреше 17130 сомду түзөрүн билдирди.
Ал эми Кочкор айылынын борборунда жайгашкан көмүр топтолуучу кампадан кийинки маалымат алдык:
«Кампаны ижарага алып иштетип жатабыз, көмүрдү буйрутма берип Кара-Кече кенинен айдоочуулардан 3700 сомдон сатып алып, 4000 сомдон кайра сатабыз. Анткени биз кампага ижара төлөгөндүктөн жана көмүр жүктөөчү экскаваторго күйүүчү майын куйуп беребиз.
Азыркы күндө кампада 200 тоннадан ашык көмүр бар, азайган сайын толуктап турабыз. Айтып кетчү бул кампада көмүр үзгүлтүккө учурабайт, кардарлар үчүн бардык шарттар түзүлгөн: көмүрдү жүктөп берчү экскаватор, ташуучу «Портер» маркасындагы унаа, так салмагын өлчөөчү тараза бар. Күнүнө орточо эсеп менен кампадан 20 тоннадай көмүр сатылып турат. Көп өлчөмдө ала албаган тургундарга кап менен эленген көмүрдү 250 сомдон сатабыз», -деп маалымат берилди.
Кыргыз Республикасынын көмүрдүн баасын убактылуу 90 календарлык күнгө жөнгө салуу жөнүндө чечим кабыл алуусу жана Кочкордо көмүрдүн баасы 4000 сом болуп жатканы боюнча өзүнүн жеке көз карашы менен айылдын тургуну Күрүчбек Курманалиев бөлүшүп кетти:
«2021-2022 жылы Кочкор району боюнча атайын көмүр топтоочу жайлар уюштурулган, ал кампалардан көмүрдү 3000 сомдон алууга мүмкүнчүлүк болгон, бирок сапаты начар болдуктан, көп сатылган жок.
Биздин үй-бүлө былтыр орто эсеп менен 4 тонна көмүр менен кыштан чыктык, көмүрдү жеке айдоочулардан 3500 сомдон алганбыз. Бул жылы үйдүн сыртын жылууладык, азырынча 1 тонна көмүрдү 4000 сомдон алдык.
90 күндүк көмүрдүн баасына жөнгө салуусунун туура деп ойлойм, анткени азыркы кырдаалда баанын туруктуу болуусу карапайым элге бир аз болсо дагы жеңилдик болот.
Көмүрдүн баасы Кочкордо 4000 сом болгонун биздин өлкөдөгү экономикалык кырдаалга байланыштырам, мисалы, күйүүчү майдын жана унаа тетиктеринин кымбат болгондугуна жана азык-түлүк күндөн күнгө кымбаттап жатканына байланыштуу», — деп билдирди айыл тургуну.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Бааларды талдоо секторунун башчысы Назина Алыкулованын билдиришинче көмүрдүн баасы арзаныраак болушу үчүн, учурдун талабына ылайык келген, чыгымдары аз бирок жүк көтөрүмдүүлүгү жогору болгон унааларга өтүү маанилүү дейт.
Нурия Карымбаева