Эпидемиологиялык абалга байланыштуу мектептер 1 жумага карантинге тарашты. Бул карантин балдарга кандай таасир берип жатат?
Раяна Жаныбекова: «Мага карантинге тараганыбыз жаккан жок. Себеби көптөгөн темаларды жеткиликтүү түшүнө албай калабыз. Азыр биз мектепке барбай, классташтарыбыз менен көрүшпөй калдык. Ал эми мурда мектептен китептерди окуп, ойноп, убакытты көңүлдүү өткөрчүбүз. Мен кайрадан мектепке барып мурдакыдай эле окушубузду каалайм».
Окуучулар үйдө сабак окуп жатышат
Назгүл Ишенбаева төмөнкүлөрдү айтты: «Окуучуларды окутууда сөзсүз кыйынчылыктар болууда. Эң биринчи эле окуучулар онлайн окууда күндөлүккө кирбей, тапшырманы толук аткарбай жатышат. Ата-эне да кош көңүл карагандай. Офлайн окуганда сабактар жеткиликтүү болмок».
Назгуль Ишенбаева
Айчүрөк Сапаркулова, Асема Сүйүндүкова