18-декабрда Кочкор районундагы Ак-кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылында заманбап спорт комплекстин ачылышы болду. Анын ачылышына Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, облус жана район башчылары, ошондой эле айыл тургундары катышты. Курулуштун жалпы суммасы 35 млн 790 миң 686 сомду түздү. Спорт комплекстин курулушун «Монолит TG» курулуш фирмасы ишке ашырды. Эске сала кетсек аталган курулуш мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулду.
Аэлита Сейдакматова