Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучулары Данияр Эмилов жана Алишер Карыбек уулу дене тарбия сабагынын мугалими Муратбек Искенов менен биргеликте Орусиянын Кемеров облусунун Белово шаарында лыжа боюнча билим алышууда.
Окуучуларды дене тарбия мугалими Муратбек Искенов «Азия балдары» Эл аралык комитети тарабынан уюштурулган спорттук мелдешке даярдоо максатында алып келген. Балдардын билим алуусуна ата-энелер, мектеп жамааты колдоо көрсөтүп, демөөрчүлөр жол кире менен камсыз кылып беришкен. Ал эми аталган комитет тарабынан жатакана, машыгуу залдары, тамак-ашы менен камсыз кылынган.
Жалпы Нарын району боюнча төрт окуучуга жолдомо берилген, бирок тандалып алынган кыздардын жаш өзгөчөлүгү шартка туура келбей калгандыктан эки окуучу гана барган. Аларды «Энергетик» спорт-комплексинде тренер Егор Васильев эки жума бою машыктырат. Балдар лыжа менен гана чектелбестен футбол, волейбол, теннис жана башка спорттук оюндарды да ойношот. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин окуучулар Каракол шаарында өтүлө турган лыжна боюнча мелдешке катышышат.
Акылай Алмазбекова