Кыргызстан дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири бойдон калууда. Эл аралык валюта фондунун маалыматында, ички дүң өндүрүмдүн киши башына көрсөткүчү 1200 долларды түзөт. Тийиштүү рейтингдеги 185 өлкөнүн арасында Кыргызстан 157-орунга илинген. Экономиканы аксаткан себептер бир топ жана абалдан чыгуунун да жолдору жалгыз нерсеге такалбайт. Бирок экономисттердин басымдуусу өнөр жайга көңүл бурмайын Кыргызстан алдыга жылбайт деген пикирди карманышат.
Экономика илимдеринин доктору, профессор Марат Кудайкулов мамлекеттик өнөр жай саясаты эмне үчүн маанилүү экенин түшүндүрүп берди.
Саясий укуктук изилдөөлөр борборунун маалыматында, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан орточо жылдык өсүү темпиндеги жакшы көрсөткүчтөр менен дүйнөдөгү тез өнүгүп жаткан экономикалардын “жыйырмалыгына” кирди.
“Демек, соңку жылдарда Борбор Азия дүйнөдөгү динамикалуу өнүгүп жаткан аймак болуп саналат. А биз бир топ артыкчылыктарыбызга карабай, бул процессте эң эле алсыз звено болуп жатабыз. Айталы, бизде коңшуларга караганда экономикалык эркиндик жогору, демократиялык институттар бар, бийлик бизнес менен диалогго ачык, ЕАЭБдин мүчөсү катары бизге Өзбекстан менен Түркмөнстандан айырмаланып, Россия жана Казакстандын рыногу жеткиликтүүрөөк, Кытай менен жалпы чек арабыз бар”, — деп айтылат изилдөөдө.
Ушундай артыкчылыктарга карабай, Кыргызстандын экономикасы эмне үчүн аксап жатат деп ойлойсуз? Эгерде “коррупция” деп жооп берсеңиз, анда сиздин божомолуңуз көпчүлүккө жакын. Ооба, коррупция – негизги факторлордун бири. Бирок дүйнөнүн өнүккөн экономикаларын анализдөө көрсөткөндөй, демократиялык жана коррупцияга каршы реформалар, адилеттүү соттук система гана экономикалык секирикке алып келе албайт. Мында башка дагы кыймылдаткыч күчтөр бар. Экономист Марат Кудайкулов экономиканы өргө тартчу фактор деп өнөр жайды жана бул жааттагы мамлекеттик саясатты белгилейт.
Эксперт түшүндүргөндөй, абалды жөндөө боюнча эл аралык экономикалык жана каржы уюмдарынын сунуштары чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө басым жасайт.
“Бирок ири өнөр жай ишканалары ачылып, чакан жана орто бизнес ага байланмайын биз жүз жылдап азыркы аксаган абалыбыздан чыга албайбыз. Өнүккөн экономикаларда ишканалардын өз ара аракеттенүү структурасы калыптанып калган. Башкача айтканда, ири бизнес кайсы бир операцияларды орто бизнеске тапшырып, мисалы, кайсы бир деталдарды сен даярдап бер дегенде гана орто бизнес гүлдөп-өнүгөт. Орто бизнестин милдети ири бизнести тейлөөдө жатат. Отуз жылдан бери эле чакан жана орто ишкердикти өнүктүргөнү аракет кылып келебиз, бирок жыйынтык чыккан жок”, — дейт ал.
Эксперттин айтымында, өнүккөн өлкөлөрдүн басымдуусунда ири өнөр жай ишканалары азыркыдай ийгиликке жетиш үчүн жүз жылдаган убакытты басып өттү. Бул аралыкта чоң ишканалар майдаларын “жутту”, өз ара биригүү, атаандаштык деген нерселер чоң роль ойноду.
“Кыргызстанга жүздөгөн жылдарды күтүп отуруштун кереги жок. Түштүк Корея, Сингапурдун тажрыйбасын буга далил. Аларда мамлекет чоң ишканаларды түзүүгө кийлигишти, тийиштүү программаларды кабыл алды, кредиттерди берди. Түштүк Кореяда ири мамлекеттик беш ишканага баары башын сайып иштеди. Түштүк Корея менен Сингапур мындай кадамдары үчүн кезинде эл аралык уюмдардын олуттуу сынына кабылды. Бирок алар багытынан кайткан жок, бул эки өлкөнүн тажрыйбасы боюнча адабияттар толтура”, — дейт экономист.
Кыргызстанда азырынча жеңил өнөр жайы гана оң тажрыйбага мисал болот алат: экспортко чыгып жатышат, ирилешүү жүрүүдө, өздөрүнүн бирикмеси бар, 50-200 миң доллар турган жабдууларды сатып алып, техникалык базасын жаңылоо үстүндө.
“Бирок ушунун баары бизнестин аракети менен ылдыйдан өйдө карай жүрүп жатат. Мамлекет аларга насыя, жер, имарат берип, колдоого алышы керек. Айталы, азыр Өзбекстандын жеңил өнөр жайы бизге күчтүү атаандаш болуп жатат. Аларда мамлекеттик программа бар, мамлекет бардык шартты түзүүдө”,- деп кошумчалады эксперт.
Өнөр жай саясаты эмне үчүн ишке ашпай жатат? Кудайкуловдун айтымында, өкмөттө кадрлар өтө бат алмашат, бирөөсүнө маселе тууралуу айтып-дегенче, анын ордуна башкасы келип калат. Демек, өлкө башындагы топ-менеджерлердин эрктүү чечими гана өнөр жайда секирик жасабаса, бир күн менен жашаган адистер реформаны ишке ашыра албайт.
Мырзайым Жаныбек кызы