Азыркы учурда Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүндө жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жаткан убагы. Солярканын жана айыл чарба техникасынын тетиктеринин кымбат болушу, айдоо-себүү кызмат акыларынын жогорулашына алып келген.
“Эпкин” айылынын тургуну Бакытбек Саты уулу: Быйылкы жылы көп жылдык чөп болгонуна байланыштуу 1 гектарга арпа септим. Бизди кымбатчылык баскандыгына байланыштуу жылдан жылга бардык нерсенин баалары өсүп жатат. Күйүүчү майлар, тетиктер кымбаттагандыктан айдоо-себүү кызматтарынын былтыркы баасы менен быйылкы баанын ортосунда айырма бар. Былтыр жерди 1500 сомдон айдатсак быйыл 1800 сомдон айдаттык. Сепкенибиз экиге бөлүнөт. 48 анан 24 болуп. 24 эки жолу себилет. Мен быйыл 48 менен септим, баасы 1000 сом 10 литр май болот. Эки сепкендер болсо 1500 сом 15 литр май беришет. Таптап түздөгөнү быйыл 800 сом 10 литр май болду.
Айдоо — себүү кызмат акылары
Азыркы убакта айдоо техникалары жетиштүү, мурдагыдай тартыш эмес. Кошумча техникалар да келет. Алардын көбү Чүй тараптан келет. Чүйдөн келген тракторлор биздикине караганда чоңураак. Анан терең айдап, планировкасы дагы аябай жакшы экен. Алар комплект болуп келет. Жер айдаганы, планировкасы, сепкени бир келет. Бир талаага түшүп, айдайт, түздөйт анан артынан себет. Убара болбой бир бүтүрүп кетесиң. Ал эми бизде андай комплектилери барлар жетишпейт. Техникалар айдоо убагында бузулуп калган учурлар да болот. Бирок алар убагы менен оңдолуп турат.
Тракторист Азамат Жолдошов: Улан менен иштейм. Экөөбүз соко менен жер айдайбыз. Баасы 1800 сом, 25 литр, чөп, беденин орду 2300 сом 30 литр солярка менен. Эмне үчүн баасы кымбаттады дегенде айыл чарба техникасынын тетиктери кымбаттады. Күйүүчү май мурда 30 сом болсо, азыр 75 сом болду. Бир соконун тиши 1 гектардын акчасы болуп калат, 1600 сом. 5 -8 тиш салынат. Сынса которобуз. Техника экен, бузулуп калат. Оңдойбуз. Биз дагы чыгымыбызды жапкыдай иштешибиз керек.
Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Мелис Макишов: Ротация жолу менен Чолпон айыл өкмөтү болуп иштеп жатканыма бир жума болду. Чоң айыл өкмөт. Бул айыл өкмөткө он айыл карайт. Чекилдек айылы да Чолпон айыл өкмөтүнө кошулган. “Жаздын бир күнү жылга тете”-дегендей айдоо-себүү иштери кызуу жүрүп жаткан убак.
Мурдагы айыл өкмөт механизатор, айыл чарба техникасын башкарган адамдар жана жалпы элдин чечими менен жыйында айдоо-себүү кызматтарынын баасын коюшкан.
Чолпон айыл кеңешинин токтому менен жазгы айдоо, себүү талаачылык жумуштарында механизаторлор тарабынан көрсөтүлчү кызматтар эске алынып, төмөнкүдөй баа кабыл алынган ( 1 га жерге):
Дөңгөлөктүү кош айдоо 1400 сом жана 20 литр май, үрөндү себүү 650 сом, 10 литр май, тырмоо иштери 500 сом, 10 литр солярка.
Чолпон айыл кеңешинин токтому менен жазгы айдоо, себүү талаачылык жумуштарында механизаторлор тарабынан көрсөтүлчү кызматтар эске алынып, бул баа кабыл алынган.
Жеке техникасы бар адамдар бул баадан жогору кызмат акылырын алып жатышат. Албетте айыл өкмөт тарабынан көзөмөлгө алынышы керек. Жеке менчик тракторлор болгондуктан, азыркы кымбатчылык учурда, өз чыгымын жаап, пайда табуу үчүн иштеп жатышат.
Талаа иштерин үзгүлтүккө учуратпай сууну убагында берүү, суу тартыш болгондуктан, туура бөлүштүрүү иштери, техниканы убагында камсыз кылуу жагы боюнча айыл башчылары иш жүргүзүп жатышат.
Кампада, өкмөт тарабынан кредитке берилген сертификаты бар, арпа, буудай бар экен. Буудай түгөнүп, эки сорттогу арпа бар. Каалоочулар келип, алышса болот.
Гулира Сатарова