Жаз мезгили башталып, айыл тургундары жайлоого көчүп жайлап келүү үчүн Кочкор районундагы айрым айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү тургундарынын малын алып келишүүдө. Мал сырттан көп киргендиктен жайыт, салык, көчүүнүн убактысы жана башка маселелерди чечүү үчүн малчылар чакан жыйын курушту.
«Соң-Көл» айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңештин төрагасы жана жайыт комитетинин төрагасы тарабынан уюштурулган малчылардын жыйыны 17-апрель күнү «Кең-Суу» участкасында өткөрүлдү. Бул жыйындын эң негизгиси маселеси ички жайлоолорго чыгып жаткан малчылырды алыскы Соң-Көл жана Кашка-Суу жайлоолоруна кетирүү.
Бул малчыларды алыскы жайлоолорго кетирип жатуунун бирден-бир себеби: айылга мал көп келгендиктен, айылга жакын жайыттарды сырттан келген малдан коргоо, күзгү ысык отту чогуу пайдалануу. Кум-Мойнок, Бучук, Ичке-Сары-Булак, Кең-Суу, Муз-Төр, булар ички жайлоолорго киргендиктен, бул жакка чыккан малчылар алыскы жайлоорго кетүүнү бир добуштан колдоп беришти.
Бирок бул жыйында алыскы жайлоого баруудан баш тарткан да малчылар болду. Бул боюнча айыл өкмөт башчысы мыйзамдын негизинде иш алып барарын баса белгиледи.
Андан сырткары, айылда жылкылар көп болгондуктан, аларды жайында малчыларга кошпой жөн гана кароосуз айдап жиберген баш аламан учурлар болот. Мына ушул маселеге да чекит коюу үчүн бир чабанга жайлата кайтарууга милдеттенме берилип, токтомго киргизилди.
Андан сырткары, Карагатты тоо кыркасы менен Көк-Жар айыл өкмөтү менен чектешкен аймактагы айылдын кыштоолорун башка айылдын топоздору жеп кетүүсү жөнүндө арыз түшкөн,бул боюнча тиешелүү тармактар чара көрөрү жөнүндө кабарланды.
Ал эми малдын башына төлөнүүчү салык мурунку жылдагыдай эле калтырылды, тактап айтканда, койго 10сомдон, уйга 50сомдон, жылкыга 50сомдон, топозго 150сомдон. Ал эми жайлоого көчүп кетүүнүн акыркы убактысы 5-июнь, көчүп келүү убактысы 20-сентябрь. Эгер бул көрсөткүчтөр аткарылбаса айып пул салынары эскертилди.
Бурул Майрамбек кызы