Кыргызстанда жыл сайын жүздөгөн жаңы имараттар курулат. Бирок тилекке каршы курулуштардын баарынын эле сапаты жакшы боло бербейт. Буга мындан бир нече күн мурун Бишкектин Жаш Гвардия көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан 12 кабаттуу үйдүн кыштары урап, жанындагы эки кабаттуу турак жайдын чатырын тешип кеткени далил. Кырсыктын кесепетинен үч киши ар кандай жаракаттарды алышкан.
«Кырсыктын алдын алынбагандыгы түйшүккө салды»
Дал ушул кырсыктан жабыркаган Нуркыз Абдылдаева ал күндү көзүнө жаш алуу менен эскерип, айтып берди.
«Окуя түнкү саат 03:00до болду. Мен эшикке чыгайын десем эле дүңгүрөп калды. Эмне болуп кетти деп түшүнбөй отуруп калдым. Шок болуп? Бир аз отуруп, анан эмне болгонун түшүндүм. Дароо эшикти ачсам эшиктин алдына шагыл, топурак үйүлүп калыптыр, эптеп ачып качып чыктым. Андан кийин тез жардам чакырышты, ӨКМнин кызматкерлерин, милицияларды чакырышты», — деди ал.
Анын айтымында, курулуш компаниянын кишилери “үйдү калыбына келтирип беребиз” деп айтышкан. Бирок Абдылдаева дагы кулап түшсө ким кепилдик беририн айтат.
«Кырсык болгондон кийин «KG Восток Сервис» компаниясы үйүбүздү калыбына келтирип берели дешти. Бирок көп кабаттуу үйдүн дубалы шамал болгонго эле урап атса, мындан кийин дагы биздин өмүрүбүзгө коркунуч бар да. Азыр мен канча деген чыгым тартып отурам. Мен эле эмес бул жакта башка дагы үй-бүлөлөр чыгым болушту. Алар кайда барып жашашат?», — дейт ал.
Бул эки кабатуу үйдө жалпы 34 үй-бүлө жашайт. Арасында көп балалуулар, карылар жана майыптыгы бар жарандар жашайт. Тургундардын айтымында, бул үй 28 жыл мурун курулган.
Тургундар аталган компаниянын негиздөөчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу экенин айтышууда. Юстиция министрлигинин маалымат базасында бул компаниянын директору катары Чыныбек Толгонбаев көрсөтүлгөн. Биз Толгонбаев менен байланышууга аракет кылганыбыз менен, бирок майнап чыккан жок.
Окуя болгон күндөн көп өтпөй депутат Жусупбек Коргонбай уулу Фейсбук баракчасына кайрылуу жасаган. Ал компаниянын негиздөөчүсү экенин моюнга алып, бирок депутаттык мандат алган соң компаниянын башка бирөөнө өткөрүп бергенин айткан.
«Балдарды басып калса мен эмне кылмакмын?»
Ушундай эле кырсык 2021-жылы дагы катталган. Анда эки жыл мурун курулушу башталган көп кабаттуу имарат менен «Илим-Билим Нур» менчик бала бакчасынын жана ага катарлаш жайгашкан үйдүн аралыгы сакталбагандыктан, бала бакчанын ашканасы жана ага катарлаш жайгашкан жеке турак үйдүн склады жана дааратканасы кошо кулаган.
«Илим-Билим Нур» менчик бала бакчасы үч жылдан бери иштеп келе жаткан. Ал эми көп кабаттуу үйдүн курулуш иши эки жыл мурун башталган. Бала бакчанын жетекчиси Наргиза Калыкованын айтымында, курулуш башталганда эле тийиштүү органдарга арыз менен кайрылган, бирок анын бул аракети натыйжасыз бойдон калган.
«Мен курулуш иши башталганда Бишкек архитектурага, мэрияга, экотехинспекцияга канча арыз жаздым. Бирок бул аракетимден эч кандай майнап чыккан жок. Эгерде бул окуя күндүз катталганда, тосмо биз жакка кулап түшкөндө мен эмне кылмакмын? Дагы жакшы окуя кечинде болгон», — деди Калыкова.
Темирязев көчөсүндө жашаган тургундардын жана Калыкованын пикиринде курулуш талаптары жана коопсуздук башынан эле эске алынган эмес.
Көзөмөл органдарынын колун байлаган мыйзам
Мамлекеттик курулуш архитектура агенттигинин Бишкек архитектуралык курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Иманкул уулу курулуштагы кемчиликтерди көбүнчө куруучулар көп кетирип жаткандыктан ушундай окуя катталып атканын айтат.
«Өткөндөгү болгон кырсыкты тургундар айтып жатышат “пескаблок менен эле салып аткан” деп. Ал пескаблок эмес газаблок болуп эсептелинет. Көп кабаттуу курулуш канчалык өйдөлөгөн сайын жеңил типтеги курулуш материалдар колдонууга уруксат берилет. Бирок маселе мында эмес. Долбоордо көрсөтүлгөндөй салып атабы ошону текшергенде, куруучулар долбоордугу талаптарды аткарбай салышкан. Ошонун кесепетинен катуу шамалда кулап түшкөн. Көпчүлүк учурда куруучулардан ката кетип калат», — деди ал.
Анын айтымында, 2018-жылы президенттин буйругу менен курулуш компанияларды текшерүүгө тыюу салынган.
«Компаниялар “бизди текшерип, иштетпей жатышат” деп даттана берип, мараторий жарыялап салышкан. Биз азыр текшергенге мыйзам жол бербейт. Ал маратироийде кайсыл учурда гана көзөмөлдөөчү орган текшере алат деген пунктар жазылган. Ушундай окуялар, кырсыктар катталып кетсе гана текшере алабыз», — деди ал.
Ошондой эле, ал учурда борбор калаада эле 410 көп кабаттуу имарат курулуп атса, анын 37и мыйзамсыз курулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, талапка жооп бербеген 17 көп кабаттуу үйдүн курулушу бүтүп, батирлер элге сатылып кеткен.
«Биз аларга айып пул салганбыз. Бирок айыптын көлөмү 27 миң сом эле. Аны төлөп коюп калган ишин уланта беришет. Мыйзам кабыл алынганга чейин “өзүм билемдик” деген берене бар болчу. Биз мурда ошого таянып иш кылчубуз», — деди ал.
«Мыйзамдарды ирээтке келтирүү керек»
Ал эми «Биздин укук» коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева имарат куруудагы системаны оңдогондо гана сапаттуу имараттар салынарын белгилейт. Анын айтымында, өлкөдө коррупциялык схеманы жоюп, мыйзамдарды ирээтке келтирүү керек.
«Көп кабаттуу имараттарды салып атканда, көпчүлүгүндө техникалык талаптар сакталбайт. Мисалы 6 балдык жер титирөө болсо, анын баары жок болуп кетет. Баадык жоопкерчилик өкмөттө. Өкмөт уруксат берет, алар көзөмөлдөйт. Бул жерде чоң коррупциялык схема ойнойт, аны жоймойюнча ушундай окуялар боло берет. Башка өлкөлөрдө көзөмөл органдары жакшы иштейт. Аларда курулуштар талаптарга ылайык курулат. Мисалы, Сингапурда, Швейцария, Германия жана башка мамлекеттерде үйлөр аябай сапаттуу курулат. Себеби аларда талаптар катуу», — деди ал.
Мындан сырткары, ал көпчүлүк фирмалар сапатсыз курулуш материалдарды колдонуп атканын белгилеп, ошол эле учурда куруучулардын дагы билимин кароо зарылдыгын кошумчалады.
«Сапатсыз курулуш материалдар, темирлер келип атат. Курулуш материалдардын дагы сапаты жакшы болбой жатат. Газаблоктун жасап атканда цемент кошушпайт. Ошон үчүн ал талапка жооп бербей, шамал болгондо эле урап калды. Бул жерде куруучулардын дагы прорабдардын дагы жоопкерчилиги чоң. Алар ошолорду дагы карашы керек. Куруучулардын көпчүлүгүнүн билими жок. Анан албетте алар билишпейт да үйдү кантип куруу керек экенин. Жана айтып кеткендей башка өнүккөн мамлекеттерде куруучулардын дагы билимин карашат. Туура эмес куруп, элге зыян келсе түрмөгө отургузат», — дейт Умуралиева.
«Ар бир компания жоопкерчиликти сезүү керек»
JIA Бизнес Ассоциациясынын мүчөсү жана эки компаниянын башкы директору Чолпонбек Акматов өзүнүн компаниясындагы ар бир иш ыргагын Германиялык компаниялар текшерип турарын билдирди.
«Мен өзүбүздүн компания жөнүндө айтып кетсем, биз Кыргызстанда биринчилерден болуп “ИСО 9001” деген эл аралык стандарт деп коёт ошону киргизгенбиз. Үч жылдан бери аудит өтүп, “ДВИЗОД” деген Германиялык фирма бизден тест алып, ар бир кылган ишибиз тууралуу текшерип турат. Эгер биздин компаниядан кандайдыр бир ката кетсе алардын сынагынан өтпөй калышыбыз мүмкүн», — дейт ал.
Ошондой эле, ал ар бир курулуш фирма жеке жоопкерчилик алыш керектигин белгиледи. Анын айтымында, фирмалардын директорлору ар бир ишти жакшы түшүнүп, талаптарды катуу сакташы керек.
«Мисалы катлованда казылып баштагандан ар бир этабын атайын комиссия текшерип, кол коюп анан кийинки этапка өтүш керек. Антпесе куруучулардан дагы ката кетип калат. Биздин дагы компания бул талаптарды өтө катуу сактайт. Ушул эле нерсе кантип башка фирманын колунан келбесин. Ар бири жасаса болот. Болгону курулуш фирманын директорунун дээги эле курулуш жөнүндө жакшы түшүнүгү болуп, ар бир ишти кылдаттык мамиле менен кароо зарыл», — дейт Чолпонбек Акматов.
Өлкөдө куруучуларды дагы атайын окуудан өткөрүп анан жумушка кабыл алган курулуш фирмалар жокко эсе. Бирок Нарын шаарына Борбордук Азия университети жаңы курулуп баштаганда дал ушул ыкманы колдонушкан. Анда жумушчулардын 90 пайызы курулуш боюнча атайын даярдоо курсунан өтүп, атайын кароодон өтүшкөндөн кийин сынак түрүндө жумушка киришкен.
Дилде Шатанова