Бүгүн Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылынын кире беришине «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында 48 даана ийне жалбырактуу карагайлар отургузулду.

Айыл өкмөттүн кызматкерлери карагай отургузууда

48 даана карагайдын көчөтү тигилди

Карагайлар Ак-Талаа райондук токой чарбасы тарабынан алынып келинген жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1600 сомдон бааланды.
Баетов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Улан Шерипбековдун айтымында аталган өнөктүккө жигердүү катышып, ар түрдүү көчөттөрдү отургузулуп жатат.

Улан Шерипбек уулу-айыл өкмөт башчысынын орун басары
«Карагайларды отургузгандан кийин малдан сактоо үчүн дароо эле сугарылып, андан соң темир тор менен тосулат. Жалпы 80 карагайдын көчөтү алынып келинген, 20 даанасы К.Мурзалымбеков көчөсүндөгү паркка тигилген. Буюрса көзөмөлдөп, сугарып, өстүрүп алабыз»,- деди.

Отургузулган карагайлар темир тосмо менен тосулат


Кеңештин төрагасы Ч.Азимжанов

Жергиликтүү кеңештин депутаттары Ч.Акматбекова жана Т.Нурдөөлөтөва (солдо)

Жергиликтүү кеңштин депутаты Нургүл Мамбетова

Карагайларды отургузууга айыл өкмөттүн кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары катышты.
Акталаада «Бир окуучу бир көчөт» акциясы уланууда
Барчын Мамытбекова