«Мектеп 2030» долбоорунун координарторлору Илмира Шерматова жана Назгүл Курманбекова Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебине долбоордун алкагында мониторинг жургүзүү максатында келип, окуучулардын иштерине күбө болушту.
«Мектеп 2030» долбоорунун 10 жаш когортасынын алкагында уюшулган «Кубик» ийриминде 26 окуучу катышат. Ийримди башталгыч класстынын мугалимдери Чынара Абдыкеримова жана Сымбат Кочкорбаева жетектеп келишет.

«Кубик» ийриминин окуучулары
«Ийримди «Кубик» деп атаганыбыздын максаты математикалык фигура. Себеби, математика сабагын мындан да кызыктуу болуп окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүнө өбөлгө болот деген ой менен (математика сабагынан жетише албаган) окуучуларды тартуу болуп саналат.
Ошондой эле, математика сабагын башка, мекен таануу, сүрөт,э мгек, окуу-жазуу сабактары менен тыгыз баланашта иш жүргүзүлүүдө. Ийримде эсеп чыгаруу менен чектелбестен турмуш менен байланыштыруу максатында «Кичи күнөөскана» уюштуруп, капустанын көчөтү отургузулган.

Окуучулар кичи күнөөскага атайын уруктарды сээп, жемиштердин көчөттөрүн даярдашууда
Мында математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү менен көчөт отургузуучу идиштин аянтын, анын ичине салынган топурактын салмагын, топурак салынган ар бир идишке капустанын канча уругу себилгенин жана себилген уруктун канчасы өнүп чыкканын излдеп чыгышканга окуучулар жетише алышты. Кичи теплицага отургузулган капустаны окуучулар убагы менен сугарып, отоо чөбүн тазалап көзөмөлдөп эмгектенишүүдө.
Ийрим жуманын 2 күнүндө өтүлүп турат. Түзүлгөн пландын негизинде математикадан логикалык эсептөөлөрдү, түстүү кагаздардан ченөөлөрдү жүргүзүү менен бүктөп иштөөгө көнүгүшөт. Ийримди иштетүүнүн жакшы жактары: математика сабагынан жетишпеген окуучулардын кызыгуусу артып, ченөө, өлчөө, эсептөөгө жетише алышты. Ошондой эле, эмгекке болгон кызыгуусу да артат»,-дейт ийрим жетекчиси Чынара Абдыкеримова.
Ал эми 15 жаш когортасынын негизинде Айнакан Койчуманова жетектеген «Жаш архитекторлор» ийриминде 9-класстардын окуучулары иш алып барышат. Мында окуучулар туруктуу өнүгүүнүн максаттарына ылайык керектөөдөн чыккан буюмдарды пайдаланып, жаңы стол, стул, шкаф, гүл койгуч ж.б. жасап келишет.

Керектөөдөн чыккан буюмдардан эмеректерди жасоого мүмкүн экендигин ийрим окуучулары көргөзө алышты
«Алгач окуучулар өзүлөрү каалаган буюмдун эскизин чийип келишет. Эскиздин негизинде эсептөөлөрдү жүргүзүшөт. Эсептөөлөрдү жүргүзүүдө алар алгебра, геометрия сабактарында өтүлгөн темалардын негизинде формулаларды колдонушат. Андан соң компьютерде Pro 100 программасында иштеп, компьютердик макетин түзүп чыгышат.
Мында окуучулар математика, чийүү, сүрөт, информатика, физика сабактарын айкалыштырып иштешет. Азыркы учурда окуучулар директордун кабинетине компьютердик стол, математика кабинетине шкаф жана гүл койгучтарды жасап жаткан учуру»,-дейт Айнакан Койчуманова.
Илмира Шерматова жана Назгүл Курманбекова ийрим иштерине катышышып, окуучулар менен баарлашып, иштерине байкоо жүргүзүү менен мектепте аткарылып жаткан долбоордун ишин жакшы деп баалашты.
Эске сала кетсек, «Мектеп 2030» долбооруна мектептен атайын топ түзүлүп, иш алып барат. Топтун мүчөлүгүндө башталгыч класстын мугалимдери Чынара Абдыкеримова, Сымбат Кочкорбаева, математика сабагынын мугалимдери Айнакан Койчуманова жана Мирбек Абылов бар. Алар «Мектеп 2030» долбоорунун алкагында аткарылган иштер боюнча мектеп ичинде көзөмөл жүргүзүп, мониторинг чыгарып турушат.
Акылай Алмазбекова