Кочкор районуна караштуу Чоң-Туз жайлоосунда жасалма мөңгү курулуп жатат. Бул иштин негизги себеби мөңгүлөрдүн санынын азайып жаткандыгында.
Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучу бирикмесинин төрагасы Тунукбек Токтомушов:
«Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучу бирикмеси жана кыргыз жайыты менен биргеликте жасалма мөңгү куруп жатабыз. Бул иштин себеби жылдан жылга мөңгү суулары азайганына байланыштуу Туз айылынын айдоо жерине, жайытына суу жеткирүү жана кошумча суугат сууларына кошуу максатында жасалма мөңгүсүн куруп жатабыз. Азыркы учурда Чоң-Туз жайлоосунда жасалма мөңгүнүн 80% бүтүп калды».
Акылай Болотбекова, Кусейин Марат уулу, Акылай Карыпбеков