11-октябрь күнү Кочкор районунун Семиз Бел айыл өкмөтүнө караштуу Чекилдек жана Кум-Дөбө айылдарында 2022- жылдын Эл аралык кыздар күнүнө карата GALS( гендердик сезимтал иш аракеттерди изилдөө жана аныктоо системасы) чемпиондорунун демилгеси менен коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана массалык маалымат каражаттарынын кыздарга карата зордук-зомбулук көйгөйүнө көңүлүн буруу, терс социалдык нормаларды өзгөртүүгө көмөктөшүү максатында иш-чаралар өттү.Иш-чаралар «Кызга кырк үйдөн колдоо» урааны астында өттү.
Жөө жүрүштүн катышуучулары өспүрүм кыздар
Иш-чаралардын негизги темасы болуп жашы жете элек никеге альтернатива катары кыздарга билим берүүнүн маанилүүлүгүн пропагандалоо болуп саналат. Бул демилгелердин маанилүү негизи-бул эркектер тарабынан, үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан кыздардын кесиптик билим алуусуна колдоонун маанилүүлүгү жөнүндө коомчулукка кайрылуу.
Кум-Дөбө айылынын айыл өкмөт башчысы Керезбек Турусбеков жана жооптуу катчысы Гулмира Жумагулова
Иш-чаралардын ачылышында өспүрүм кыздар,райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ошондой эле айыл активдери катышышты.
Чекилдек айылынын, Кайып Темиров атындагы орто мектебинде мырзалардын катышуусунда кыздарга кесиптик билим берүүнүн пайдасы жана жашы жете элек никеге туруунун терс таасирлери тууралуу талкуу жана пикир алмашуу болду.
Чекилдек айылынын мырзаларынын пикир алмашуу учуру
Кум-Дөбө айылынын өспүрүм кыздар борбордук көчөө менен айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына чейин жөө жүрүш басышты.»Кызга кырк үйдөн колдоо» уураны астында өспүрүм кыздарды кесиптик билим алууда үй-бүлөнүн, эркек мүчөлөрүнөн колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө коомчулукка кайрылуу жасашты.
Жөө жүрүштун учуру
Жөө жүрүштүн соңунда Кум-Дөбө айылынын айыл өкмөт башчысы Керезбек Турусбеков жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Гулмира Жумагулова сөз сүйлөп, кыздарга кесиптик билим берүүнүн маанилүүлүгүнүн символу көк лентаны тагынып, акцияга кошулууга чакырыш таштоо менен иш-чараны аякташты.
Кыздарга кесиптик билим берүүнүн маанилүүлүгүнүн символу көк лента
Негизги өткөн иш-чаралардын максаты-Кыргызстандын бардык аялдарга жана кыздарга, өзгөчө аярлуу катмарга зордук-зомбулуктан жана зыяндуу адаттардан, анын ичинде жашы жете элек никеге туруудан,»ала- качуудан», эркин жашоо үчүн шарттарды түзүү болуп эсептелет.
«Коомчулукту өнүктүрүүгө билим» коомдук фондунун Нарын облусу боюнча координатору Кыял Тилебалдиева
Бул долбоор БУУнун Аялдар уюмунун ЕБ-БУУ» Теңдик нуру» биргелешкен демилгесинин алкагында ашырылды.
Нурия Карымбаева