Ак-Талаа районундагы Баетов айылында муниципалдык менчиктеги социалдык обьектилердин курулуш башталуу алдында турат. Тактап айтканда аталган айылдагы Акай Султаналиев атындагы көчөнүн түштүк тарабындагы жерге нан бышыруучу, кийим тигүүчү цехтер, мечит, медресе жана суу сактоочу резервуар курулат. Ошондой эле айылда борбордук оорукана болгондуктан ФАПтын ордуна тиш дарылоочу жай салынат. Бул долбоор боюнча демөөрчүлөр менен жолугушуу болуп, сүйлөшүүлөр жүрдү.
Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаевдин маалыматына караганда долбоор бир жылдык болуп эсептелет.
“Муниципалдык бош жерлерди табуу кыйын болду. Бирок аракет кылып жатып, таап бөлүп бердик. Социалдык объектилердин шаарчасы Ас-Саффа кайрымдуулук фондусунун колдоосу менен курулат жана каражат 20млн.сомду түзөт. Бул каражаттын ичинде курулушунан тартып, инвентарларга чейин камтылган. Бир жылдык долбоор болгондуктан, ушул убакытта курулуп бутүшү керек”,- дейт.
Социалдык обьектилердин айланасы жашылдандырылат жана башкаруусу айыл өкмөткө карайт.
Жакын арада демөөрчүлөрдүн өкүлдөрү келип, капсуласы салынат жана курулуш иштери башталат.
Барчын Мамытбекова