Тогуз-Торо районундагы Атай айылына пандемия учурунда, «Ас-Сафа»коомдук фондусу тарабынан жергиликтүү тургундарга жардам берилди.
Атай айыл өкмөтүндө «Ас-Сафа» коомдук фондусу тарабынан кайрымдуулукка келген 50 тонна көмүрдү аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, айылдын аксакалдарына таратылып берилди.
«Азыркы суукта көмүр абдан керек болуп жаткан,кышкы алган көмүрлөрүбүз тугөнүп жатканда, бизге жардамга көмүр берип жатканы бизди абдан кубандырат.»Ас-Сафа» коомдук фондусуна ыраазычылыгыбызды билдиребиз»,-дейт айыл тургундары.
Альбина Бейшеналиева