Дүйнө жүзү COVID-19 илдети менен күрөшүп жатканына эки жылдын жүзү болду. Бул аралыкта аны дарылоо алгоритмдери бир канча ирет өзгөртүлдү. Дарыгерлер мезгил-мезгили менен ар кандай окутуулардан өткөрүлүп, чукул кырдаалда чечим кабыл алуучу атайын мульти дисциплинардык комитеттер (комиссия) түзүлгөн. Аларга аймакта илдет катталган учурда дароо комитетке билдирилип, кандай кадам жасоо керектиги талкууланат.
Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Азамат Дүйшөналиевдин маалыматына таянсак, райондо омикрон менен ооруган бейтап катталган жок.
«Алтынчы алгоритм менен иштеп жатабыз. Дарылоодо айрым дары-дарымектерге өзгөртүү кирди. Бул боюнча эки жолу окуудан өттүк. Ошондой эле мурда коронавирус чыккан үйдүн үй-бүлө мүчөлөрүн, алар контакт болгон жарандарды дагы карантинге жапчубуз. Азыр болсо ошол үй-бүлөнүн мүчөлөрүн гана үй карантинге алабыз, эгер кызматкер болсо оору баракчасына чыгышат»,- дейт.
Ал эми санитардык эрежелерди сактоо мурдагыдай эле тартипте жүрүшү керек. Аралыкты сактоо, беткапты тагынуу, антисептик каражаттарын колдонуу-ар бир адамдын күнүмдүк режимине айлануусу зарыл. Мындан сырткары, ревакцинациядан өтүү ашыктык кылбай турганын кошумчалады башкы дарыгер.
Барчын Мамытбекова