Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек мектебинде 24-февраль «Ачык эшиктер» күнү болуп өттү. Бул күнү ата-энелер мектепке келип, окуучулардын сабактарына катышып, ийрим иштеринин жетишкендиктерине күбө болушту.
Ыктыярчылардын «Усупбекстан» ЖМБ тууралуу маалымат берип жаткан учуру
«Жаш таланттар» ийриминин окуучулары өз таланттарын меймандарга тартуулашты
«Чебер колдор» ийрминин окуучулары мастер класстарды көрсөтүштү
«Эко-Мед» ирйиминин окуучулары дары чөптөрдүн касиеттери тууралуу маалыматтарды беришти
«Биоландия» ийриминин окуучулары химиялык эксперименттерди жүргүзүү учуру
«Манас таануу» ийриминин окуучусу Анара Саламатова изилдөөчүлүк боюнча маалымат берип жаткан учуру
«Фармацевт» ийриминин окуучулары туура тамактануу боюнча катышуучуларга презентация тартуулашты
Катышуучуларга жаш акындардын ырларынын көркөм окуусу тартууланды
Окуучулар роботехника боюнча мастер класстарды көрсөтө алышты
Жаш архитекторлор өзүлөрү курап чыккан буюмдардын презентациясын тартуулай алышты
Ата-энелер мектеп ичиндеги маселелерди да талкуулоого жетише алышты
Соңунда ата -энелер жыйналышы уюшулуп, мектеп ичиндеги айрым маселелер талкууга алынды. Ийримдерде иш алып барган окуучулардын ата-энелери өз ойлору менен да бөлүшүштү.
Назүл Абдыжапарова
«Менин уулум жана неберем окуйт мектепте. Мектеп ичинде окуучулар үчүн көптөгөн ийримдер иш алып барышат. Биз дайыма эле иштерине күбө болобуз. Ийримдер окуучулардын таалим-тарбиясына, мугалимдерге туура мамиле кылууга, келечекте кесибин тандоого чоң өбөлгө түзөт.
Менин балам «Келечек лидери» ийириминде иш алып барып жатат. Анда лидерлик сапаттар, активист болуусу, башкаларга үлгү болуусу байкалууда. Жүрүм-турумунда да өзгөөүүлөр бар, себеби, менин балам «шок» жигит болчу. Азыр кадимкидей бизге жана агай-эжейлерине кылган мамилеси жакшы жакка өзгөрдү. Биз абдан кубанычтабыз!»-дейт Назгүл Абдыжапарова.
Эркеайым Замирбек кызы, Адылхан Эсенгулов