Ата- Мекенди коргоо күнүнө карата Ак-Талаа райондук спорт бөлүмү бир катар спорттук иш-чараларды уюштурушту.
Тактап айтканда, жаштар арасында кичи футбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага футбол сүйүүчүлөр катышты. Оюндун жүрүшүндө айрым оюнчулар артыкчылык көрсөтүштү.
Ак-Талаа райондук спорт инструктору Улан Доктурбековдун маалыматына караганда, жаштар арасында спорттук иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
«Спорттук мелдештер жаштар арасында сергек жашоону калыптандыруу, бош убактыларын пайдалуу өткөрүү, ынтымакты чыңдоого өбөлгө болот. Чоң спортчулар ушул айылдагы кичи мелдештерден өсүп чыгат. Ошондой эле алардын мекенчилдик сезимин ойготуп, патриоттуулукка үндөйт»,- дейт.
Улан Доктурбек райондук спорт инструктору(ондон үчүнчү) жана райондук ИИБ кызматкерлеринин командасы
Баетов айылынын командасы
Кайыңды-Булак айылын командасы
Жеңүүчүлөр диплом жана медалдар менен сыйланышты
Мелдештин соңунда 1-орунду Баетов жаштары, 2-орунду Кайынды Булак командасы жеңип алды. Ал эми 3-орунду райондук ички иштер бөлүмүнүн командасы ээ болду. Жеңүүчүлөр Нарын облустук жаштар иштери дене тарбия спорт башкармалыгы тарабынан диплом медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты. Мындан сырткары оюнчулар «мыкты дарбазачы», «мыкты чабуулчу», «мыкты коргоочу» номинацияларына татыктуу болушту.
Акбар Кеңешбеков