Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде 2021-2022-окуу жылында төрт студент педагогикалык практикаларын өтөштү.
Бакытбек Кыдыршаев Чүй облусунун Токмок шаарындагы Н.Давлесов атындагы музыкалык колледжинин 2-курсунун студенти.
«Биз жаңы окууга тапшырган маалда пандемия башталып калып, аралыктан окудук. Бирок, чындыгында аралыктан билим алуу өтө жакшы натыйжа бере алган жок. Себеби, биз дайыма агай-эжейлерибиз менен биргеликте музыкалык аспабтарда ойногонду, аларды күүлөгөнгө, калыпка салганга машыгып иштей алган жокбуз.
2-курстан баштап биз колледжке барып окуп баштадык. 5 айдан кийин бизди практикага чыгарышты. Азыр мына өзүм окуп кеткен мектепте практикамды өтөп жатам. Мага музыка сабагынын мугалими Аида эжекебиз жардам берип жатат.
Биринчи сабакка киргенде окуучулар мага «агай» деп кайрылышканда, буга чейин андай сөздү укпаганга менде башкача сезимдер пайда болду. Агай деп айтышса мен өзүмдү чоң адамдай сезип, өзүмдө жоопкерчилик сезими жогорулай баштады. Азыр менин классташтарым 11-классты аяктап жаткан учур, кээде аларды көрүп, окуучулук кезимди да сагынып кетем»,-дейт Бакытбек Кыдыршаев.
Зулайка Токтогул кызы С. Нааматов атындагы Нарын мамлкеттик университенин 4-курсунун студенти. Ал педагогикалык практикасын башталгыч класстарда өтөдү. Насаатчысы башталгыч класстын мугалими Чынара Абдыкеримова менен ийгиликтүү иш алып барууга жетише алды.
Акылай Байышбек кызы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университенин 4-курсунун студенти. Акылай учурда тарых сабагынан педагогикалык практикасын өтөп жаткан учуру. Акылай Байышбек кызынын насаатчысы катары тарых сабагынын мугалими Нурайым Тоюнбек кызы иш алып барып жатты.
«Мен мектепте окуп жүргөндө мугалимдердин сабак өтүп жаткан учуру абдан оңой жана жеңил сезилчү. Азыркы учурда жыл сайын программалар өзгөрүп, мугалимдер жыл сайын жаңы программага ылайык өз билимдерин жогорулатып турушаарын билдим. Мугалимдер дайыма окутуунун да окуунун да үстүндө жүрүшөрүнө күбө болуп турам.
Азыр мен эки айлык практикадамын. Бул аралыкта мугалимдик кесиптин сырларын билүү мен үчүн чоң сыймык. Бул кесиптин ээси болом десең күн сайын билим алуунун үстүндө болуу керектегин түшүндүм.
Ар кандай кырдаалга да даяр болуу керектигин белгилей кетсек болот. Мисалга алсак, пандемия башталып, аралыктан билим берүүдө көп эле мугалимдер аябай кыйналышты. Айрыкча компьютердик технологияларды пайдаланууда абдан көп көйгөйлөргө туш болгондорду да көрө алдык. Мындай кыйынчылыктарга туш болбойм десек, замандын талабына ылайык мугалим болуу керектигин айтат элем», -дейт Акылай Байышбек кызы.
Учурда мектепте К.Карасаев атындагы социалдык педогика багытында билим алып жаткан 2-курсунун студенти Айжаркын Нурбекова да педагогикалык практикасын өтөп жаткан учуру. Айжаркын Нурбекова иш тажрыйбасында көптөгөн билимдерге ээ болгонун билдирди. Бир айдын ичинде насаатчысы Мираида Ниязбек кызы менен мыкты жетишкендиктерге жете алгандыгын баса белгиледи.
Мектепте ачык эшиктер күнү болуп өттү
Акылай Алмазбекова