Тогуз-Торо районунун Атай айылынын өкмөтүндө үлүштүк дем берүүчү грант аркылуу айыл өкмөтүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жолдор оңдолуп, аймакка караштуу орто мектептин китепканасы жана ашканасынын пайдубалы курулду.
Бул туралуу Атай айыл аймагынын инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Анаркүл Замирбек кызы маалымат берди.
Үлүштук дем беруучу грант аркылуу Атай айыл аймагындагы Кызыл-Октябрь участкасынын 4800 метр ички жолун капиталдык ремонттон өткөруу учун 2млн 955 миң сом тендерден утуп, иш аткарылды.
Атай айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүдө 1 млн 460 миң сомго Атай айыл аймагына караштуу Карл-Маркс айылына ФАПтын жаны имараты курулуп 2млн 745 миң сомго бүткөрүлдү.
Тогуз-Торо району өнүктүрүү фондусу мекемеси аркылуу Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинин китепкана, ашканасынын пайдубалы, дубалы курулду.
Атай айыл аймагынын муктаж үй-бүлөлөрүнө «Ас-Сафа» фондусу тарабынан кайрымдуулук көрсөтүлдү
Анара Мааметова