Кочкор районун Чекилдек айылынын Кайып Темиров орто мектебинде «Кызды кырк үйдөн колдоо» аталышында талкуу жыйын болуп өттү. Жыйынга айыл активисттери, дыйкан чарба мүчөлөрү, жаштар уюму, ардактуу аксакалдар, бизнесмендер келип катышышты. Жыйында чакан театралдык оюн көргөзүлүп андан соң талкуу кылынды. Талкууда ар бир ата кызын колдоп, келечекте билимдүү болсун деп тилерин билдиришти.
Талкуу жыйында Райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери, ИДН кызматкерлери, айыл башчысы сөз алып сүйлөп, бүгүнкү күндө кыздарга карата болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жоюп, ар бир ата кызын колдоого чакырды. Андан сырткары, ар бир ата өз ойлорун ортого салып, кыздарына бактылуулук каалады.
Бурул Майрамбек кызы