Жыл өткөн сайын Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды алтыгана ээлеп деградацияга учуратууда. Бул маселени пилоттук түрдө жок кылуу иштерин көрүү үчүн атайын техникалар менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков келди.
Жайыл жана Москва районунун айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү эл катышты. Учурда көптөгөн жайыт жерин ээлеп, жергиликтүү элге көйгөй жараткан алтыгананы түп тамыры менен жок кылуу иштери кызуу жүрүп жатат.
Жыйында жайыт иштеринен тышкары айыл өкмөт башчылары көптөн бери айтылып, бирок бийликке жетпей жаткан көйгөйлөрү тууралуу дагы көптөгөн маселелери менен кайрылып Аскарбек Жаныбековдон жоопторун ала алышты.
Иш- чаранын соңунда Аскарбек Жаныбеков Суусамыр айылынан атайын жолугууга барган жарандар менен жолугуп, жергиликтүү элдин көйгөйүн укту. Анда Суусамыр Өнүктүрүү фондунан барган жаштардын көптөгөн ой-пикирин угуп, көмөктөшөрүн айтты.
Айтурган Кушкарбекова