12-октябрда Кочкор районундагы Кара-Суу айылында «Коомчулуктар жана түпкү элдер сактаган аймактар» аталышындагы тренинг болуп өттү. Тренингке айыл тургундары, жайыт комитетинин төрагалары, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы жана аппарат кызматкерлери, ошондой эле медиа өкүлдөрү катышты. Тренингди Германиядагы Тюбинген университетинин докторанты Айбек Самаков өттү.
Айбек Самаков-тренер
«Биз бүгүн ГЭФ ПРООНдун «Жергиликтүү жамааттар сактаган аймактар » долбоорунун алкагында окутуу өткөзүп жатабыз. Бул тренингди Кыргызстандын башка аймактарында-Ат-Башы, Араван, Кара-Кулжа райондорунда өтүп келдик. Биздин негизги максатыбыз жергиликтүү жашоочуларга аймактагы жаратылышты: жайыт, токой, суу, көл, жаныбарларды сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү ар бир жамааттын өз колунда экенин жеткирүү болуп эсептелет. Биз өз максатыбызга жеттик деп ойлойм, себеби айыл тургундары тренингке жигердүү катышып, өз ой-пикирлерин айтышып, кылып жаткан иштерин презентациялап беришти».
Гүлмира Турумбекова- Кара-Суу айылынын тургуну
Ал эми айыл тургуну Гүлмира Турумбекова бүгүнкү тренинг тууралуу оюн мындайча билдирди:
«Бүгүнкү тренингдин темасы абдан кызыктуу жана актуалдуу болду. Буга чейинки жаратылышка болгон көз карашым өзгөрдү. Айбек мырза бизге учурдагы экологиялык көйгөйлөрдү жөнөкөй жана түшүнүктүү кылып айтып берди. Генетика, көп түрдүүлүк , экосистема жөнүндө кенен маалымат алдык».
Окутууга айыл тургундары активдүү катышышты
Катышуучулар эки топко бөлүнүп көйгөйдү аныкташты
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Мирлан Кыдырбаев презентация учурунда
Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Тунукбек Токтомушев жасалма мөңгү тууралуу тажрыйбасы менен бөлүштү
Бакыт Кожокматов