Бүгүн Ак-Талаа районундагы маданият үйүндө улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында “Өрнөктүү өмүр-бактылуу үй-бүлө” аттуу жолугушуу кече болуп өттү. Анда Баетов айлындагы 50 жыл бирге түтүн булаткан өрнөктүү үй-бүлөлөр, 70 жаштан ашкан карыялар катышып, жолугушууга келген жаштарга, жаш үй-бүлөлөргө, мектеп окуучуларга кеп-кеңештери менен бөлүштү.
Бактылуулуктун сыры менен бөлүшүштү
Үй-бүлө куруу, аны сактап калуу, жубайлар ортосундагы кездешүүчү пикир келишпестиктер тууралуу кенештерин айтып, жаштарды чыдамдуу, сабырдуу болууга чакырышты. Бактылуу үй-бүлө болуунун сыры сүйүүдө эмес, бири-бирин колдоо, түшүнүү, сыйлоодо экенин баса белгилешти. Ошондой эле азыркы учурда модога айланып кеткен насыя алып, аны тойго жумшоо же же насыя алып үйлөнүү сыяктуу жосундардын зыяндан башка пайдасы жок деген ойлорун айтышты.
Жолугушуу улуттук нарк-насилди сактоо, келечек муунга үрп-адат, каада-салт, улууну урматтоо өңдүү руханий баалуулуктарыбызды өткөрүп берүү, максатында маданият үйү тарабынан уюштурулган.
Жолугушуу маданият кызматкерлеринин ыр-күүлөрү менен коштолду
Өмүрү өрнөк үй-бүлөлөргө арналган кече маданият кызматкерлеринин сатиралык интермедия, ыр-күүлөрү менен коштолду.
Зарина Бейшеналиева, Акбар Кеңешбеков