Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новое айылынын Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинде «Жолдо жүрсөң сак бол, эрежеге так бол!» аттуу жол эрежелери боюнча иш – чара болуп өттү.
Аталган иш – чаранын жүрүшүндө 11 – класстын окуучулары жол белгилери боюнча маалымат берип, тааныштырышты. Ар бир адам жолдо жүрүүнүн эрежелерин жакшы билиши керек. Көчөдө жол эрежесин билбей туруп басуу кыйын деле эмес, бирок чоң көчөлөрдө, автобус, троллейбус жана унаалар ары – бери тыгын жаратып өтүп турган көчөдө жол эрежелерин так туура билип, сак болуп жүрүү зарыл.
Жол эрежелери менен 10 – класстын окуучулары тааныштырып, көрсөтүп өтүштү.
4 – классынын окуучулары «Жол чырак» ырын жандуу аткарып беришти. Жол чырактын түстөрү күйгөн учурда кандай кыймылдарды аткаруу керек? – деген суроолорго 2 – б класстын окуучулары жооп беришти. Ал эми башталгыч класстын окуучулары жолдо жүрүү эрежелери, жол чырак аттуу көркөм окууларды айтып беришти.
5 – класстын окуучулары ,»Соблюдаем ПДД» аттуу ырга бий бийлешти.
Иш – чаранын жүрүшүндө окуучулар жолдо жүрүү эрежелерин, жол кырсыктарын алдын алууну үйрөнүп алышты.
Аталган иш – чараны Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин тарбия бөлүм башчысы Нурайым Кенешбекова жана класс жетекчилер жогорку деңгээлде даярдашкан.
Рамзан Бакирдинов 4 – а класстын окуучусу:
«Жолдо жүрүү эрежелерин биз буга чейин класстык сааттарда угуп жүрөбүз, бирок биз билбеген маалыматтар да бар экен. Өзүбүз үчүн жол белгилерди жана пайдалуу маалыматтарды да ала алдык».
Меридиана Рабилбек кызы 11 – класстын окуучусу:
«Иш – чаралардын жүрүшүндө берилген маалыматтардан улам жолдо жүрүү эрежелери менен толук таанышып жана керектүү маалыматтарды алдык. Мындан ары жолдо, көчөдө жүрүүдө алынган маалыматтарды толук түрдө колдонобуз».
Айдай Джолчубекова, Аида Ражабова