Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылынын Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде Мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына байланыштуу 9 — 11 -класстар арасында «Манас -кыргыз элинин сыймыгы»,»Карегимде Мекен чеги, капаланба Баткен эли» жана «Сен үчүн жаным курман эне тилим» деген аталышта сынак өткөрүлдү.

«Окуучулар сынактарга жигердүү катышышып, өздөрүнүн шык жөндөмдөрүн, таланттарын ачышууда.
Бүгүнкү иш — чара тууралуу айта кетсем «9- а,б,в,г класстары Манас эпосундагы өзөктүү окуяларды сахналаштырып беришти.
Ал эми 10- а классы «Ата журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга» деген ураан менен Баткен кесепети тууралы сахналаштырып, жогорку денгээлде актерлук чеберчиликтерин көрсөтүштү», — деп билдирди кыргыз тили мугалими Зарина Насыржанова.
Ал эми «Сен үчүн жаным курман эне тилим» деген темада 11 — а классы эне тилди даңазалашты.
Айсулуу Нурматова