«Соң-Көл» орто мектебинин окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча лекция-сабак өткөрүлдү. Аны менен катар бул эрежелерди сактоо, кырсыктарды болтурбоо максатында райондук деңгээлде ар бир мектептен курама топ түзүлмөкчү. Алардын катарына да бул мектептен 14 жашка чейинки балдар топ түзүүгө белсеништи.
Кочкор райондук Ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздоо бөлүмүнүн улук инспектору, милициянын ага лейтенанты Таалайбек Иманалиевдин билдирүүсү боюнча:
«Жол кырсыгына кабылгандардын арасында мектеп окуучулары бар экенин, алардын саны күн санап өсүүдө», -дейт.
Жол кырсыгынын болушунун бир нече кесепеттери бар. Көбүнчөсү айдоочунун күнөөсү болсо, айрым учурда жөө жүргүнчүлөр да күнөөлүү болуп эсептелет. Баарыбыз эле жүргүнчү болгондуктан катуу айдап бара жаткан айдоочуга «катуу айдап бара жатасыз, биздин өмүрүбүз сиздин колуңузда», -деп эскертүүгө милдеттүүбүз.
Ошондуктан, бара жаткан багытыбызга бат жетүүнүн самабай, тынч жетүүнү самаш керек. Ал үчүн ар бириңер жолдо жүрүүнүн эрежелерин билип, аны так сакташыңар керек.

Алгачкы лекция жогорку класстарга өтүлдү
Андан сырткары, 1-4-класстарга да чакан лекция-сабак уюштурулуп, чакан таркатмалар берилди. Бул таркатмалар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын жол кыймылы боюнча атайын окуучуларга ылайыктап чыгарылган боёмолор болгондуктан, аларды түшүндүрүү менен таркатылып берилди, аны менен катар «ата-энелерге кеңешме» деген буклеттер да берилди.

Таркатмалар ар бир балага таратылды
Бул таркатмаларды жаш бөбөктөр боёп бүткөн соң, сөзсүз кайтарым байланыш болору эскертилди. Бөбөктөргө жол эрежеси боюнча суроолор берилип, аларга толук кандуу жооп алган ички иштер кызматкерлери ыраазы болушту.

Жол эрежелеринин айрым белгилери жөнүндө маалымат берилди
Жашы 18ге чыгып, чукул арада айдоочулук күбөлүк ала турган окуучуларга жардам иретинде чакан экзамен уюштурду. Окуучулардын айрымдары белгилерди дароо таанышса, айрымдары такыр тааный албай жатышты. Ошентип, окуучулар бүгүнкү лекция-сабакта кенен, жакшы маалымат ала алышты.

Айрым суроолорго сүрөт форматында жооп алышты
Жыйынтыгында мектепте жол эрежелери боюнча курама команда түзүп, райондук мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Курама топто жашы 14жаштан ылдый 8окуучу катыша алат. Алгач алар өздүк форма тиктирүүгө белсеништи. Бул топко дене тарбия мугалими жетекчилик кылат.
Айпери Марлес кызы