Кыргызстан боюнча башталгыч кесиптик билим берүү системасынын 80 жылдыгы белгиленип, бир айлык иш — чаралар жарыяланган, №15 кесиптик лицейинде дагы жарлыктын алкагында ачык сабак өткөрүлдү. Ачык сабакка 2 — курстун автомобилдерди оңдоочу кесибинин окуучулары катышты.

Башталгыч кесиптик билим берүү системасына 80 жыл

2-курс Автомобилдерди оңдоочу кесибинин окуучулары

Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин ага — устаты Улан Ташматов.
Улан Ташматов:
“Кыргызстан боюнча биздин башталгыч кесиптик билим берүү системасынын 80 жылдыгы өткөрүлүп жатат. Жалпы 100дөн ашык лицей бар, ошол лицейлер арасында атайын билим берүүнүн 80 жылдыгына карата 1 айлык жарлык жарыяланган. Жарлыкка ылайык атайын маданий иш-чаралар, спорттук иш-чаралар, ачык сабактар жана башка иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Биздин №15 кесиптик лицейде дагы “Машиналарды оңдоо, техникалык тейлөө” сабагы боюнча ачык сабак өтүлдү. Алгач балдар теориялык жактан таанышышып андан соң практика жүзүндө иштешти. Бул сабакта рефрактометр деген прибор бар, анын жардамы менен автомобилдерге куюлуучу суюктуктарды текшерип, изилдеп анализ чыгарышат.”

Теориялык сабак учуру

Сабак учуру

Практика үстүндө иштөө учуру

Ачык сабакка лицейдин директору, директордун орун басары, мугалим жана устаттары катышып, анализ беришти

Практика жүзүндө анализ чыгарышты
Ачык сабак өз максатына жетип, мугалим устаттар өз ой — пикирлерин, сунуштарын беришти.
Төлөн Токтосунова