Төлөк айылындагы жылкылар электрондук базага катталды. Анда ар бирине чип басылат.
«Азыр биз жылкыларды идентификациядан өткөрүү максатында келдик»-дейт Кочкор районунун ветеринардык башкармалыгынын орун басары Улукбек Мамадилов.
«Сон-Көл2 айыл өкмөтүнүн расколунда азыр жылкыларды каматып, жылкыларга чип басуу иш жүрүп жатат. Жылкыларга чип басылып электрондук дарекке катталат. Бодо малдын кулагына номерлүү бирка тагылат, муну салуунун максаты — мамлекеттин талабы. Бул мал менен алектенгендерге, алып-сатарларга, малдын коопсуздугуна жакшы жана малды токтоо жана көзөмөлдөөдө оңой болот. Чип салыш үчүн Төлөк айылында расколу бар экен, ошол расколго жылкыларды камадык, эми этияттык менен чип баса баштайбыз. Басылгандан кийин ал мал жөнүндө толук маалымат базага кирет. Өңү-түсү, малдын ээси толугу менен катталат, муну малдын объекттиси деп коёт. Төлөк айылындагы жылкыларга бүт басабыз жана сарайлардын баардыгы катталат. Бул электрондук чип жылкылар үчүн лабораториядан өткөн эл аралык идентификация. Жылкыны аллергия кылбайт, ар кандай ооруларды чыкырбайт, атайын көзөмөлдөн өткөн чиптер»,-дейт.
«Жылкылардын коопсуздугун ойлоп бир үйүр жылкымды айдап келдим»,-дейт Азат Жекшенбек уулу. «Менин негизи 2үйүр жылкым бар, азыр бир чоң үйүрүмө чип бастырып жүрөм. Былтыр тайларга бастыргам, жыл сайын чип бастырып турам.
Чипти негизи өзүбүздүн жылкыларыбызды таанып алыш үчүн, алардын коопсуздугу үчүн бастырам. Андан сырткары базарга алып чыкканда справкага алганга жеңилдик болот экен»,-дейт.
Негизи чип бастыруу иши бир нече жыл мурун башталган. Бирок жаңы башталган убакта айыл эли көп түшүнбөстүк кылып бастыруудан качышчу. Эми эл баарын түшүнүп өздөрү келе башташкан. Бүгүнкү чип бастыруу иши узакка созулат анткени расколго көп жылкы айдалып келип, улам көбөйүп жатат.
Хадижа Төлөбалдиева, Анжелика Сейиталиева