8-октябрь күнү Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин жалпы жамааты ишембиликке чыгышты. Мында жамаат айылдагы борбордук көчөлөрдү жана мектептин айланасын тазалоо иштерин жүргүздү.
Ишембиликтин катышуучуларына атайын каптар берилип, таштандылар кайра иштетүүгө ылайыкташтырылып чогултулду.
Чогулган таштандылар
Жер-жерлердеги таштандылар
Оттук жана Казан-Куйган айылдарынын ортосунан Оттук суусу агып өтөт. Суунун боюнда бак-дарактар, чычырканактар өсүп, токойго айланган. Дал ушул токойлордун ичине ыргытылган таштандылар күзүндө чөптөр куураганда жер жайнап чыгат. Мындай көрүнүшкө жол бербей тазалыкка кадам таштоо ар бир жарандын милдети экендигин айылдык кеңештин депутаты Чолпон Ашымова баса белгилейт:
«Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот!» деген ураандын негизинде ар бир адам тазалыкты колго алышы керек. Жумурай журт баарыбыз бирдикте айлана-чөйрөбүздү тазалап турууга милдеттүүбүз. Ар бир жаран баскан, отурган жерине таштандыларды таштабай, тазалап турганга көнүгөлү. Жайында чөптүн арасына катып койгон таштандылар күзүндө чөп куураганда чыгып калган учурлар кездешүүдө. Мындай учурларга жол бербей, айылдын тазалыгына жалпыбыз менен кам көрөлү. Тазалыкка үйрөнүү эң баштапкы маселелердин бири»,-деди ал.
Акылай Алмазбекова