Кочкор районун Төлөк айылы район борборунан алыс жайгашкан, айыл тургундары дээрлик мал менен алектенет. Андыктан айылда төрт түлүк малдын саны барган сайын арбып барат.
Мелисбек Жумалиев жайыт комитетинин төрагасы:
«Малдын туягы барган сайын көбөйүп бара жатат. Бул экономикалык жактан алганда жашоо-шартка жакшы болууда, бирок малдын саны көбөйгөн сайын жер кыртышына зыян келүүдө. Айыл дотациядагы өкмөт болгондуктан, салык төлөө жагынан кыйла эле киреше малдын салыгынан келип түшөт. Бирок айрымдары салыкты кечиктирип төгүшөт. Анткен менен жыл аягына чейин толук төгүп берүүгө аракет кылышат. Ал эми айылдагы малдын санын айта кетсем, жылкы баласы 1500 дөн ашат, уй баласы 900дөй жана ошондой эле кой баласы быйылкы төлү менен эсептегенде 15000ге жакындап барат.
Ал эми топоз болсо 1300-1500гө чейин. Бизде өзүбүздүн ички мал көбөйүнүн ичинде. Бирок бизди өкүндүрө турган дагы бир нерсе сырттан келген мал басымдуулук кылып, биздин жайыттарыбызды көбүн ошо сырттан келген мал пайдаланып коёт. Акыркы жылдары 2019-жылдан тартып 2021-жылдары 2жыл аралыгында сырттан келген малдын агымы 30% ды түзөт. Мындай темп менен улам өйдөлөп бара турган болсок, жайыттарыбыз деградацияга толук учурайт. Ошондуктан бул маселени көңүл кош карабай эрте чечишибиз керек»,-дейт.
«Бизде жалпы ийри мүйүздү мал топоз, уйларды кошкондо 32баш. Андан тышкары жылкы 12баш, 50кой бар. Булар быйылкы төлүн кошпогондо. Абалдары жакшы, жайлоодон семиз келгендиктен базарга алып барып сатууга камданып жатабыз. Айылда дыйканчылык кылууга болбойт, бизнес кылууга да кыйла оор, ошондуктан күнүмдүк оокатты мал багып, аны сатуу менен өткөрөбүз. 2021-жылы жакшы төл берген, анткени чөп жакшы чыгып тоют мол болгон. Быйыл чөп начар болду, андыктан кышкы малды аман алып калып багуу үчүн жем-чөптү тонналап райондон алып келебиз. Сатууга кеткен малдын тыйынын кайра эле тоют сатып алууга жумшайбыз»,-дейт айыл тургуну Жаныбек Өзүбеков.
«Бизде чакан мал бар, кой баласын эки жылдан бери көбөйтүп жатам, төлдү дагы жакшы берүүдө. Абалдары жакшы, жайкысын Долон деген жайлоодо болобуз, кышкысын айылда эле эл катары тоютту камдап, кышы боюу берип чыгабыз. Коюбузду жаз туудурабыз, 2жылдан бери жакшы төл алып жүрөм. Оору сыркоосу деле жок, мал доктурга кайрылып маалы менен дарылап жүрөбүз. Үй- бүлөбүздө эч ким иштебейт, мал сатуу менен оокат өткөрөбүз»,-дейт Эсенбек Жакшылыков.
Мал багуу өзгөчө эмгекти талап кылат, алардын санын көбөйтүүдө тоютту мол камдаш керек. Андан сырткары мал доктурлардын көргөзмөсүн аткарып, малды да эмдөөдөн өткөрүү шарт.
Хадижа Төлөбалдиев, Анжелика Сейиталиева