Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына карата согуш ардагерлерине концерттик программаларын тарттуулап өтүштү.
Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине 71 жыл. Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары да жеңишти утурлай эле айылыбыздын ардагери болгон Тургунбай Рысбаевди куттуктап өтүштү.
Андан сырткары тылдагы күжүрмөн эмгектин ардагерлери, ошондой эле бириккен уюмга мүчө балдар келишип куттуктап кетишти.
«Мектеп окуучулары ушундай көркүн ачып жакшы мааракени уюштурушуптур, биз бул мектеп окуучулары менен сыймыктанабыз. Биз да ушул мектепти окуп кеткенбиз. Биз Тургунбай Рысбаев менен кичинебизден эле таанышбыз. Тургунбай атабыз согушка барганы жөнүндө айтып берген. Бүгүн да айтып, кандуу согушту эскерип олтурат. Согуш болбосун эч кайталанбасын», — деп өз сөзүн билдирди Марат Миталов.
Тургунбай Рысбаевди мектеп окуучулары короонун алдынан шаңдуу маанайда тосуп алышты. «Атам бизге ар дайым согуш жөүндө айтып берет. Кыйынчылыктарын, ачкачылыктарын, сууктарды айтып берет. 17 жашында согушка кеткен экен. Мамлекеттен жөлөк акчалар берилип турат Кудайга шүгүр», — деп өз сөзүн билдирди согуш ардагеринин уулу Маматираим Рысбаев.
Ал эми келген коноктор Жапар Нышанов орто мектебинин 8-классы тарабынан даярдалган чакан концерттик программага күбө болушту.
«Тургунбай Рысбаевди куттуктап концерт коюп бердик. Согушка барып келген аталарыбызга биз абдан раазыбыз бизди ушундай тынчтык күнгө алып келгенине. Эч качан өлкөбүздө согуш болбосун», — дейт өз сөзүндө мектеп окуучусу Эльвира Садиржан кызы.
Даярдаган: Турсунай Толубаева
Сынак үчүн