Бүгүн Сүлүктү шаарынын Элмуратов көчөсүндө «Эч ким, эч нерсе унутулбайт»- аттуу аллеянын ачылуу аземи болду.

Президентибиз А. Ш. Атамбаевдин 2016-жыл «Тарых жана маданият жылы»- деп жарыялангандыктан, мен да инсан катары аз болсо да салымымды кошоюн деп, мурда эч жерде белгиленбей калган Согуштун Ардагерлери жөнүндө маалыматты чогултуп, стенд кылып, астын аллея кылдым. Бүт каражаты өзүмдөн болду дейт Исманали Карабаев.
Табияттан бардык жагынан төп келишкен инсандарды «Кызыр жылоологон», «Алланын назары» түшкөн же «Кудай берген» адам деп коет элибизде. «Кудай берген»- дегени коому үчүн, Эли үчүн ушул инсанды жараткан деп эсептелет. Өз заманына жараша ар кандай касиет берилген мындай инсандар кыргыз тарыхында да жетиштүү. Мисалы Манас атабызды, Чынгыз Айтматовду, Исхак Раззаковду келтирсек жетиштүү болоор. Бүгүнкү күнү да элибиздин уучу куру эмес, алардын бири өзү балалыгын өткөргөн айылындагы Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучуларына аллея уюштурган Исманали Джумабаевич Карабаев экен. Исманали Карабаевдин инсандык сапаттары жөнүндө кийинчерээк сөз болоор бүгүн биз аллея жөнүндө сөз кылмакчыбыз. «Биз өз атабыз жөнүндө мааламаттарды жоготуп алганбыз. Сүрөтү да жок эле. Анткени биз бул айылдан көчүп кеткенибизде 9 жашта элем. Исманали Джумабаевич архивдерден издеп маалымат чогултуп, сүрөтүн таап реставрация кылдырып 11 Согуштун Ардагеринин катарына кошуп коюптур»- дейт Согуш Ардагери, маркум Окулов Ташболот аксакалдын уулу Абдыкайым. Айта кетсек Абдыкайым бул акцияга Лейлек районунун Гордой айылынан чакырылган.

«Көп жерде Исхак Раззаковду Согуштун катышуучусу катары карабайт. Ушул жагын Исманали Джумабаевичке сунуштадым эле бул аллеянын башына сүрөтүн жана кантип Согуштун катышуучусу наамын алганы тууралуу маалыматты таап жаздырып коюптур»- дейт шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Д. Халбеков
Кабарчы: Анварбек Тухтаров