
Улуу жеңиш майрамын утурлап, Кошбулакта салт болуп калган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, шахматист Мүйдүн Абдымомуновдун жаркын элесине арналган 7- турнир башталды. Турнирде Сүлүктү шаары боюнча 12 профессионал оюнчу ат салышып жатат.

«Турнирге шаардын мэри А. А. Ибрагимов 2 миң сом, милициянын отставкадагы полковниги Адамбай Туленбаев 2 миң сом, агайдын окуучулары болгон, быйылкы №7-орто мектебинин 10 жылдыктары жана шаардык Кеңештин Депутаты Исманали Карабаевдер демөөрчү болуп, оюн өтө катуу атаандаштыкта уланууда. Быйыл турнирди уюштурганыма 7- жыл болду»- дейт Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү Өз алдынча башкаруусунун отличниги Бакытбек Сапаркулов

Төмөнкү сүрөттө турнирдин башкы калысы, Сүлүктү шаардык Каржы бөлүмүнүн начальниги Келдибеков Арыстан Пардабаевич:

Кабарчы: Б. Юсупова