Бүгүн Баетов айылында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата иш-чаралар өтүлдү. Иш чараны Баетов айыл аймагы уюштуруп, ал Э. Карасартов мектебинин окуучуларынын ыр бийлери, эскерүүлөрү менен коштолду.
Айыл өкмөтүнүн орун басары Улук Туратбековдун айтканына караганда, быйыл район боюнча согуштун эки, ал эми тылдын төрт ардагери калган. Ошондой эле көзү өтүп кеткен согуштун катышуучуларынын үй-бүлөлөрү бар.

Алардын социалдык абалы жакшы, ардагерлерди социалдык кызматкерлер көзөмөлдөп турушат.

Ушул тынчтык жашоону алып келген ардагерлерге ар дайым таазим кылып, эдиктерин эскерип, көзү тирүүлөрүн сыйлап туруу милдетибиз.

Албетте алардын эрдиги эч нерсеге теңегис. Бүгүн атайын белектер тапшырылып, андан соң сый тамак берилет.
Даярдаган: Кубанычекова Калида, Жакыпова Асел
Сынак үчүн