2025-жылдын апрель айында Балыкчы шаарындагы мектептердин мугалимдери жана бала бакчалардын тарбиячылары арасында “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” аталышындагы шаардык сынак өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жобосунун негизинде уюштурулуп, катышуучулардын методикалык даярдыгы, ишмердүүлүгү, чыгармачылыгы жана кесипкөйлүгү ар тараптуу каралды.
Жобого ылайык, сынак 2 тур менен өттү. Биринчи турда катышуучулардын арыз, сунуштамалары жана электрондук форматта портфолио, видео сабактар, педагогикалык-психологиялык тесттер, ачык сабактар өткөрүлдү. Сынактын экинчи туру ачык форматта, жалпы катышуучулардын катышуусу менен өткөрүлдү. Педагогикалык кредо, мастер класс, кырдаалдык суроолор менен коштолду. Алардын иш тажрыйбалары жана заманбап педагогикалык ыкмалары калыстар тарабынан бааланып, мыктылар тандалып алынды.
Балыкчы шаарынан областтык этапка жалпы 10 мугалим, ошондой эле бала бакчадан музыкант, кыргыз тилчи, усулчу жана тарбиячы жолдомо алышты.
“Жылдын мыкты тарбиячысы” сыйлоо учуру
“Жылдын мыкты мугалими” сыйлоо учуру
2025-жылдын 30-апрелинде жеңүүчүлөр Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан, РСК, Айыл банк, Керемет банк тарабынан баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты.
Зубаржад Жалилова