Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы Айбашев орто мектебинде «Алиппе» майрамы болду. Окуучулар биринчи коңгуроодон бери жаттап келген ырларын, билимин мугалимдерге жана ата-энелерге тартуулады.
1-класстар негизи алиппе китеби жакканын жана бул китеп менен коштошкусу келбегенин айтып жатышты. Алардын ою боюнча, майрам жакшы өткөн.

Бул майрам окуучулар 36 тамганы окуп-үйрөнүп бүткөндөн кийин жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара.
1-класстын жетекчиси Бүажар Маткасымова окуучуларды майрамга даярдоо оңой болбогонун айтат.

«Алиппе майрамына окучуларды даярдоо жеңил болду деп айта албайм. Бизге окуучуларды даярдоодо 7-классынын окуучуларынын чоң жардамы тийди. Окуучулардын көптөн бери көксөп келген майрамын ийгиликтүү аяктады», — деп билдирди Маткасымова.
Айыл тургуну Акмарал Токтосунова мугалими окуучулардын аң сезимин өстүргөнүн айтат.

«Негизи окуучулар абдан жакшы даярданганы көрүнүп турат. Бүгүн мынакей алар өздөрү жактырган тамгаларды бирден алышып, ошол тамгадан башталган ырларды айтып беришти. Ыр, бийилерди сонун аткарышты», — деди Токтосунова.
Ата-энелер жана окуучулар тамга тааныткан мугалимдерге ыраазычылыгын билдиришти.
Даярдаган: Асель Акимбек кызы
Сынак үчүн
КК