Республикалык «Жоокер ыры» сынагы 22-апрелде Бишкек шаарындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясында өткөрүлдү. Сынакка жалпы 40ка жакын окуучу катышып, 3 номинация боюнча ат салышышты.
Сынак эки күнгө уланды. Нарын облусунун атынан 3 окуучу, майор Назар Абиковдун жетекчилиги алдында бардык. Эң алгачкы барган күнүндө регистрациядан өттүк. Ал жерде айрым адамдар нааразы болушту. Себеби, уюштуруучулар көпкө чейин келбей, жолдон чарчап келген катышуучуларды күттүрүп, кыйнап койду.
Дагы талаш болгон нерсе Чүй облусу Облустук сынак өткөрбөй, үч району сынакка келгени болду. Бизди алып барган Назар Абиков, ар бир облус өзүнчө конкурс өткөрүп, бирден гана районду алып келиши керек экенин белгиледи. Анын негизинде уюштуруучулар жобого ылайык бир гана районду катыштырууга уруксат берди.
Биз ал күнү жатаканада болдук. Ал эми кийинки күнү атайын автобус менен Кыргыз Улуттук Консерватриясына алып барды. Конкурс ошол жерде саат 12лерде башталды.
Бул сынакты төрт министрлик уюштурган. Ошондой болсо да бул конкурска бир гана Коргоо министрлиги уюштуруучулук кылып жүрдү. Башка министрликтин өкүлдөрүн көрө алган жокпуз.
Сынак башталып, эң алгач «Патриоттук ырлар» номинациясы болду. Катышуучулар абдан толкунданып жатты. «Мен аябай толкунданып жатам. Азыр менин кезегим келе жатат. Жакшылап ырдасам экен» дейт Эламан аттуу катышуучу.
«Патриоттук ырлар» номинациясы болуп жатканда айрым мүчүлүштүктөр болду. Конкурстун бир катышуучусу музыкасын коё албай, көпкө убара болду.
Сынактын кийинки номинациясы «Согуштук ырлар» деп аталат. Аталган номинацияда да биринчидегидей кемчиликтер кайталанды. Эң соңку номинация «Көркөм окуу» номинациясы болду.
Мен да ошол номинацияда катышып, 11-болуп сахнага чыктым. Сахнанын артында эч кандай бири-бирине жамандык каалоо, бут тосуу болгон жок. Тескерисинче бул сынак катышуучуларды достоштурду. Ал эми бизден мурда сахнага чыккан кыз бизди көздөй ыйлап келди. Көрсө ал «Толгонайдын монологун» берилүү менен айткандыктан, анын көзүнөн жаш чыккан экен.
Кийинки күнү конкурстун жыйынтыгы чыкты. Аталган сынакта мен «Көркөм окуу» номинациясы боюнча биринчи орунга жетиштим. Конкурста Догдурбек Юсуповдун «Майдангердин эскерүүсү» деген ырды көркөм окудум.
Орун алган окуучуларга дипломдор, кызыктыруучу белектер жана 1-орун үчүн планшеттер берилди.
Даярдаган: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн
ЖА