Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Кул Назарбеков 92 жашта. Ал 18 жашында Ата Мекенди коргоо үчүн согушка аттанып кеткен.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Кул Назарбеков Токтогул районунун Терек-Суу айылында жашайт. Өзүнүн өткөн өмүрү жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтып берди.
«Мен 1940-жылы сентябрь айында армияга кеткем. Ошол учурда согуш башталып калды. Согушка катышып анан согуш басылгандан кийин 1947-жылы кайра кайттым. Мен согушта Киевде болдум. Анан согуш басылгандан кийин Япония согуш чыгарып ийди. Анан жалаӊ командирлерди Японияга айдады. Мен ал учурда командир болчум ошондуктан мен дагы жөнөп кеттим. Япониянын жолу узун да, биз антип-минтип баргыча Совет өкмөтү Японияны өзүнө каратып алып коюуптур. Анан ошол жерден Япониянын кыштактарын бизден бир адамды кошуп алып, анан биздин атуулдардан кошуп өткөрүп берип жатты. Аны бүткөндөн кийин кайра кайттык».
«Дальний-Востокко келип токтодук мен ошол жерде туруп калдым анан мага указ келип 1947-жылы 17-январь күнү үйгө келдим. Мен согушка аттанганда болгону 18 жашта болчумун. Киевде тогуз күн согушта болдум ошол учурда жарадар болуп калдым. Согуш учурунда көп эле кыйынчылыктарды көрдүк. Ал учурда Совет өкмөтүү деле анча кирешелүү эмес болчу ал учурда эл оӊоло элек болчу ошондуктан армияда дагы жакшы оокат жок болуп курсак жакшы тойгон жок бир нанды алтыга бөлүп жечүбүз.
Согушка барганыма абдан сыймыктанам көптөгөн медаль сыйлыктарым бар жана жыл сайын 9-майда белек-бекчектерин берип турушат. Согуштан келгенден кийин үйдө жатсам военкоматтан келип калышты. Согуш бүттү эле десем көрсө менин аттым делодо бар да, анан мага 70тей адам бар экен ошолорду аскерге даярдап машыктырып иштеп калдым. Ошол учурда согушка барып келгендерге өкмөт жакшы деле жардам берген жок. Өкмөт жардам бербегендиктен аскерледи машыктырып иштеп андан кийин мени Өрнөк мектебине дене тарбия сабагынан сабак бересиӊ дешти. Мен макул болуп иштеп калдым. Мен өзү коммунист болчумун армиядан жазылып келгем. Азыр болсо кудайга шүгүр ден-соолук жакшы, болгону көздөн бир аз көрбөй калды. Жакшы эле карылыктын доорун сүрдүм. Жашым 92ден 93кө карап калдым. Эки балам, үч кызым бар, азыр чеберелүү болуп калдым. Ата Мекенди коргоп согушка барып келгеним үчүн сыймыктанам».
Даярдаган: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн
АН