Кичи футбол аянтчасы, мал дарылоочу жай, ФАП, эс алуучу жайлардын курулушу аяктап, ачылыш аземи өткөрүлдү. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери, медициналык кызматкерлер, райондон келген меймандар жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Курулуш иштерине салым кошкон айрым тургундарга, Сары-Булуң айыл өкмөтү тарабынан “Ыраазылык кат” тапшырылды. Мындан сырткары, келген меймандарга айылдын таланттуулары тарабынан концерттик программа тартууланды.
Анара Мааметова