Өлкөбүздө жыл сайын октябрь айынын акыркы жекшембисинде КРынын жергиликтүү жамааттарынын күнү белгиленет. Бүгүнкү күндө 484 жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы бар алардын 452 айыл аймактары жана 32си шаар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү туурасында жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору Бектурган Орозбаев менен маек курдук.
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну координациялоо, андан ары өркүндөтүү жана аймактарды өнүктүрүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзу иштеп келет.
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары учурда кандай иш алып барып жатышат, алдына коюлган милдеттериди канчалык денгээлде аткарууда?
— Бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү өзүн өзү башкаруу уюмдарынын түптөлүп, ар кайсы этаптарды башынан өткөрүп жатканына 30 жыл болуп калды. Бул арада оор этаптарды дагы басып өттү десем болот. Бирок, Борбор Азиядагы алдыңкы системаларды курду. 1991-жылы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндө мыйзамды кабыл алып ошондон бери түрдүү өзгөрүү, толуктоолор менен бүгүнкү күнгө чейин келди. Былтыр президентин катышуусу менен чоң конференция болуп, тапшырмалар берилди эле өзгөртүлгөн мыйзам 21-октябрда күчүнө кирип иштеп жатабыз. Анын жакшы жактары дагы терс жактары да болуп жатат.
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу системасында кандай көйгөйлөр бар?
— Айыл өкмөт, мэрияларга жапатырмак жардам көрсөтүшүбүз керек, окутууларды жүргүзүү зарыл. Аларга өтө көп мыйзамдар жүктөлүп калган. Көптөгөн карама-каршылыктар бар. Биз анализ жасап чыктык 189 мыйзам боюнча айыл өкмөттөр билиш керек. Анын алдында 293 актылар бар. Бизге өтө билимдүү, кесипкөй адистер керек. Президенттин реформасына ылайык, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу уюмдарын чыңдоо, өнүктүрүү бюджеттерин ачуу, ирилештирүү, күчтүү муниципалиттерди чыгаруу тапшырмасы турат. Ушуну жакшы жолго коюп кетишибиз керек.
Бул тармакта көйгөй абдан көп. Көпчүлүк маселелер каражат маселесине барып такалат. Бюджеттен акча аз бөлүнгөңдүктөн кээ бир учурларда долбоорлорду ишке ашырууда өздүк салым кошконго каражат таппай калган айыл өкмөттөр көп. Жергиликтүү бюджеттин салымын көбөйтүү керек. Жок дегенде 20% жогорулатсак жакшы өзгөрүүлөрдү байкай алабыз. Ошондой эле кадрдык админситративдик кыйынчылыктар бар, айыл өкмөттөрдө өтө көп текшерүүлөр жүрөт. Жакшы жагы айлык акылар жогорулады.
Оетябрдын аягында жергиликтүү жамааттык күнү белгиленгени турат. Жамаат деген ошол аймакта жашаган эл. Алардын шаарды, айылды башкарууга түздөн-түз катышууга укугу бар. Бюджетти карап жатканда катышып, айылдык депутаттыкка көрсөтүп өнүгүүсүн салым кошууга мүмкүнчүлүк берилген ошону жакшы колдоно албай жатабыз. Система болсо алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүкүндөй эле. Болгону күчтүү менеджерлер келсе, кадр барын чечет дейт кесипкөй адистерге муктажбыз.
Жаңы мыйзамда жергиликтүү кеңештин таасири азайып калган жокпу?
— Ооба, учурда жергиликтүү кеңештин айрым укуктары азайтылды. Бирок, ошол эле учурда башка мүмкүнчүлүктөр кеңейтилди. Мисалы: айылдарда бир райондо 10 айыл өкмөтү болсо алардан өкүлдөр шайланып, райондук кеңешти түзөт ошентип алар акимдин үстүнөн көзөмөлдөй алышат. Өзгөртүү буга чейнки тажрыйбанын, сабактын негизинде. Анткени кадрдык маселелерди чечүүдө жергиликтүү кеңеш менен аткаруу бийгилинин ортосунда көптөгөн конфликттер чыгып келген.
Союздун алдында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишин жакшыртуу боюнчадагы кандай максаттар бар?
— Пландарыбыз өтө көп. Биздин муниципалдык кызматкерлерге колдоо абдан маанилүү. Учурда вотсап группаларды ачып юристтер менен түшүнбөгөн суроолорду, мыйзамдарды түшүндүрүп турабыз. Көптөгөн көйгөйлөр, карама-каршылыктар бар булардын бардыгын жөнгө салганга болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Тез эле боло калчу нерсе эмес, убакытты талап кылат.
Айгерим Кубатбекова