Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында Баткен окуясынан жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн штаб ачылды.
“Өлкөбүздөгү Баткен облусунда чыр чатак башталганда эле Кызыл – Туу айылынын жаш жигиттери Баткен элине жардам берүү боюнча Штаб ачуу сунушу менен үйгө келишти. Албетте, өлкөбүз каран күнгө кабылган учурда кантип жок демек элек деп,
дароо айылдагы мекеним, элим, айылым деп жан үрөгөн активдүү жаштар менен уюлдук телефон аркылуу байланышып, чогулуп айыл ичинде Штаб ачууну жана өз ыктыяры менен ыктыярчы болом деген жаштар тобун тузүүнү макулдаштык. Акылдашуу менен айылдагы борбордук дүкөндөрдүн ээлери Штабды дүкөндөрдүн алдында ачуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп Кызыл – Туу айылынын “Жыргал” дүкөнүнүн ээси өз макулдугун берип, алты айыл боюнча Штаб ачылды. Айылдын жаштары жана ыктыярчылары жапа тырмак иш алып барышты.
Штаб күнү – түнү эч токтобостон өз ишин алып барып өз ишин үзгүлтүксүз аткарып жатты. Көбүнчө өздөрүнүн авто унаасы менен көчөмө — көчө үйлөрдү кыдырышып, вотсап группаларга жарнамалар таркатылып жатты. Ал жактан уккан, окуган элдер өздөрү штабга келип жардам колдорун сунуп, кайрымдуулук кылышты.
Кайрымдуулукка акчалай кийим кече, тамак аш, ар бир инсандын колунда бар нерсени берип жатышты. Ал эми Штабды ачуу бул айылдын жаштарынын жана айылдык кеңештин демилгеси менен болуп, Жергиликтүү Кеңештин депуттаттарынын отурумунда ортого салынып колдоо табып, кайрымдуулук боюнча биринчи кадамды айылдын депутаттары түзүп беришти. Мага эң кызыктуу окуясы жаш балдар арабага картошканы жана сарымсак, өсүмдүк майын сүйрөп алып келишип, Баткендеги жаш балдарга бизден жардам деп жан тарткандары болду. Иш башталгандын биринчи күнүндө волонтёрлор автоунааларына «Баткенге жардам» деп жазып алышып иш алып барып жатышты, күн – түн дебей чалууларды кабыл алышып, биргеликте иш алып барып жатышты. Айылдык кеңештин депутаттарын ар бир айылдан ыктыярчыларды шайлап бекитишип, алар ар бир айылдан демөөрчү болгон инсандардын кайрымдуулукка берген жемиштерин, кийим кечелерин чогултушуп иш алып барышты.
Кызыл – Туу айылынын Прогресс дачадагы Элмира аттуу эже өзүнүн айылдаштарына маалымат берип жардам чогултуп, бизге байланышып маалымат берип, биздин ыктыярчыларыбыз барып штабка алып келип жатышты”, – дейт Кызыл – Туу айылынын
Жергиликтүү Кеңешинин депутаты Бермет Бейшенова.
“Өзгөчө демөөрчүлөрдөн болушуп Чүй облусундагы жаштардын, эр жигиттердин демилгеси болду. Жалпы Чүй облусунун эр азаматтардын атынан Баткен элине жыйырма миң доллар акчалай жардам көрсөтүштү. Чогултулган 20 000 сом өлчөмүндөгү акчалай каражатты ич ара ашар жолу менен чечилип, адамдарды шайлашып Баткен жергесине барып жеринен көрүп, муктаж инсандарга, үйлөрү күйүп кеткен элге жардам көрсөтүшүп, кайрымдуулук кылып келишти.
Ал эми Кызыл – Туу айылынын эр азаматтары жана элинен жалпы 18100 сом акчалай каражат чогултушуп, Баткен жергесине Чүй облусунун 1985 – жылкы атайын дайындалган өкүлүнөн берип жиберишкен.
Жеринен 4 кызы менен калган жесирайымга жардам көрсөтүп 18100 сом, башкача айтканда Кызыл – Туу айылынын чогулткан каражаты жардам катары берилген. Чогултулган жер жемиштер, азык- түлүктөр, кийим кечелер Джал мечитине Баткен облусунан көчүп келген тургундарга берилди”, – деп билдирди Кызыл – Туу айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Улан Дюшебаев.
Айдай Джолчубекова, Аида Раджабова