Бишкек шаарында 1-2-октябрь жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүн чагылдырууга багытталган “Ачык өкмөт” долбоорунун жыйынтыктоочу жолугушуусу болууда. Долбоордун алкагында аймактагы медиа борборлордун кабарчылары алты ай бою айыл өкмөт башчылары менен биргеликте иш алып барышты. Жергиликтүү бийликтин кызматкерлери инстаграм баракчаларда түз эфирге чыгып, элдин суроолоруна кенен жооп берип жатышты. Мындан тышкары кабарчылар kyrgyzmedia.kg сайтына мультимедиалык карточкаларды даярдап турушкан.
Эки күндү камтыган тренингде жамааттык медианын катышуучулары, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери, киберкоопсуздук жана социалдык медианы туура колдонуу ыкмаларын биле алышты.
Мындан тышкары катышуучулар келечекте долбоорду жакшыртуу максатында пландарды түзүштү.
Тренингге жергиликтүү бийликтин жети кызматкери жана жамааттык медианын мүчөлөрү катышты
Эскерте кетсек “Ачык өкмөт” долбоору Кыргыз Республикасындагы Фридрих Эберт атындагы фонд тарабынан колдоого алынган.
Айдана Токтобекова